КУМТӨР КЕНИНДЕ КЫТАЙ ТИЛИНДЕ КОТОРМО КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 11 March 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 11:00 (Бишкек убактысы боюнча) 2026-жылдын 18-марты.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан ары – “КГК”) сиздердии Кумтөр кенинде Кытай тилинде котормо кызматын көрсөтүү боюнча конкурсқа катышууга чакырат.
Квалификациялық документтерди тапшыруу боюнча негизги талаптар:
- Документтер PDF форматында болушу керек.
Документтер төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: chtranslator@kumtor.kg,
тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2026‑жылдын 18‑марты, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).
- Бир каттын көлөмү 25MB ашпаш керек.
Тапшыруу үчүн зарыл документтер:
- Толугу менен толтурулган Тиркеме №1 (Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы жобо).
- Толугу менен толтурулган Тиркеме №2 (Конкурс сунушун кепилдиктеген декларация).
- Катышуучунун анкетасы (Тиркеме №3).
- Коммерциялык сунуш Топтом №2 (Конкурстун №4 тиркемеси)
- ID-картанын скан көчүрмөсү.
- Эгер жеке ишкердин күбөлүгү бар болсо – документтин сканын жана салык боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымдаманы же ИПни милдеттүү түрдө каттоо же патент алуу жөнүндө Кепилдик катын тапшыруу.
- Соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымкат.
- Тил деңгээлин тастыктаган документ (HSK сертификаты).
- Котормочунун кесиптик квалификациясы.
- Бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын документтүү далили.
Квалификациялық документтерди тапшыруунун кошумча талаптары:
- Катышуучулар өтүнмөнү орус тилинде, конкурстун талаптарына ылайык даярдап, көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш.
- Конкурска берилген бардык документтер купуя маалымат катары каралат.
- Өз сунушун жөнөтүү менен катышуучу Компаниянын бардык шарттарына макулдугун билдирет.
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомдо, бирок бир убакта, жогоруда көрсөтүлгөн почтага жөнөтүшөт:
- Топтом №1 – квалификациялык жана техникалык сунуштар (паролсуз).
- Топтом №2 – коммерциялык сунуш (1 сааттык баасы көрсөтүлүүгө тийиш; документ сырсөз менен корголот, Сырсөз Буйрутмачынын өтүнүчү кийин жөнөтүлөт).
- КГК зарыл учурда кошумча документтерди талап кылууга же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Так эмес же жалган маалымат аныкталса — өтүнмө четке кагылат.
- Суроолор пайда болгон учурда, катышуучу aknazar.kabylbekov@kumtor.kg дарегине кайрылууга болот, бирок акыркы мөөнөткө 3 иш күнү калганга чейин гана. Жооп суроо алынган күндөн тартып 3 календардык күн ичинде жөнөтүлөт.
- Мөөнөт өткөндөн кийин документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.
- Мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
КГК талаптарга жооп бербеген каалаган өтүнмөнү четке кагууга укуктуу.
Документтерди тапшыруу — кийинки этаптарга автоматтык түрдө өтүүнү кепилдебейт.
Буйрутмачы зарыл болгон учурда акыркы мөөнөттү өзгөртүшү мүмкүн. Бул тууралуу маалымат КГКнын расмий сайтында жарыяланат: https://www.kumtor.kg/ru/
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР