Жарыяланган: 06 March 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 14:00 (Бишкек убактысы) 2026-жылдын 13-марты.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздердии дары-дармектер жана медициналык жабдууларды камсыздоо боюнча баа сунуштарын тапшырууга катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Катышууга арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек (баа таблицасы xlsx форматында да тапшырылышы керек).
Лотторду бөлсө болот — катышуучулар коммерциялык сунуштарды өздөрү сунуштоого даяр жана кызыккан товарлар үчүн гана сунуштоого укуктуу. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Тандоо катышуучулары сынактын талаптарына ылайык кыргыз же орус тилдеринде катышуу үчүн арыз даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүшү керек: medication2026@kumtor.kg 2026-жылдын 13-мартында саат 14:00 чейин.
Сатып алынуучу товарлардын тизмеси бул конкурстук документтерге тиркелген. |
| Катышуу үчүн арыз төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуусу керек:
• Жеткирүү убактысы ∙ Жеткирүү шарттары ∙ Төлөм шарттары • KСтын жарактуулук мөөнөтү (максималдуу мөөнөттү көрсөтүңүз) |
| Баалоо критерийлери: | Жеңүүчү болуп Буйртумачынын сапат талаптарына жооп берген жана эң төмөн баага ээ болгон жеткирүүчү табылат. |
| Буйрутмачы сунуштардын бирин же баарын кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен, катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот. Ар бир тандоо катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт. |
|
| Эгер бул чакыруу боюнча суроолор болсо, катышуучу Буйрутмачы менен электрондук почта аркылуу байланышса болот: bek.myktybekuulu@kumtor.kg тактоолорду алуу менен, бирок тендердик арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен. Түшүндүрмөлөр өтүнүч алынган жеткирүүчүгө өтүнүч алынган электрондук почта аркылуу, өтүнүч алынган күндөн баштап үч календардык күндөн кечикпей жөнөтүлүшү керек.
Зарыл болсо, Буйрутмачы бул чакырууну куонкурстук сунуштарды тапшыруу мөөнөтүнө чейин каалаган убакта өзгөртүүгө укуктуу, бирок ар бир учурда 3 (үч) иш күнүнөн кечикпей. Буйрутмачы бул чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, конкурстук сунуштарды тапшыруунун акыркы күнүн кийинчерээк жылдыра алат, ал тууралуу Буйрутмачы бул конкурс жарыяланган https://www.kumtor.kg/ru/ расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу менен билдирет. Буйрутмачы кабыл алынган коммерциялык сунушту толук же жарым-жартылай кабыл алуу же четке кагуу укугун сактайт, ошондой эле Келишим берилгенге чейин ачык тандоо процессин токтотуу укугун сактайт, катышуучуларга эч кандай милдеттенме албай. Буйрутмачы арыз берүүчүнүн чакыруу боюнча түшкөн чыгымдарын компенсациялоого милдеттүү эмес экенин ачык билдирет. |
|
Тиркемелер: