НАТРИЙ МЕТАБИСУЛЬФАТЫН ЖАНА ТЕМИР СУЛЬФАТЫН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 05 March 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн натрий метабисульфатын жана темир сульфатын жеткирип берүү боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук сунуштарды/табыштамаларды берүүгө чакырат:
- Лот №1- Натрий метабисульфити
- Лот №2 -Темир сульфаты
Бөлүнүүчү лоттор
Конкурстук сунушка жана ага тиркелген документтерге, тиркемелерге жана баа сунуштарына конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.
Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурска катышууну каалаган бардык каалоочуулар Чакырууга тиркелген №1-7 тиркемелердин баары менен таанышып, Чакыруунун №1, №2, №3, №6 №7 Тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
Конкурска катышуучулар өздөрүнүн конкурсқа катышуу үчүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу, көлөмү 25 МБдан ашпаган бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек.
Каттар эки өзүнчө топтомдо sulf2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө жана төмөнкү темаларды камтууга тийиш:
– биринчи топтомдун темасы: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»;
– экинчи топтом үчүн: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]», кат сыр сөз менен корголуп, Буйрутмачы тарабынан электрондук почта аркылуу сыр сөз суралгандан кийин ачылышы керек.
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта жогоруда көрсөтүлгөн почтага жөнөтүлүшү керек:
- №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
1. Биринчи баскыч – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Товардын техникалык спецификациясы;
- №1 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация.
- №2 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме.
- №7 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштама/сунуш.
- №6 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Квалификация тууралуу маалымат;
- Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын (МСК, Социалдык фонд) оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү / Юстиция министрлигинин сайтынан электрондук үзүндү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же учурдагы патенттин көчүрмөсү, мында Иштин түрү сатып алуунун предметине ылайык келиш керек);
- Иш тажрыйбасынын анализи (акыркы жыл үчүн референс тизме);
- Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
- Акыркы эки календардык жыл үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү. (биринчи жарым жылдык) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды жана учурдагы жылды камтуу менен);
- Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Сертификаты соответствия, паспорта или технические описания на товар;
- Шайкештик сертификаттары, паспорттору же товардын техникалык баяндамасы;
- Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо);
- Дистрибьюторлукту тастыктаган документтердин скан-көчүрмөлөрү: дистрибьютордук келишим, дистрибьютор сертификаты же өндүрүүчү тарабынан дистрибьютор статусу жөнүндө кат.
Резидент эместер үчүн (башка мамлекеттердин катышуучулары):
- Товардын техникалык спецификациясы;
- №1 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация.
- №2 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме.
- №7 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштама/сунуш.
- №6 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Квалификация тууралуу маалымат;
- Иш тажрыйбасынын анализи (акыркы жыл үчүн референс тизме);
- Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Уюштуруучу документтердин оригиналынын сканерленген көчүрмөлөрү;
- Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
- 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
- Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо);
- Дистрибьюторлукту тастыктаган документтердин скан-көчүрмөлөрү: дистрибьютордук келишим, дистрибьютор сертификаты же өндүрүүчү тарабынан дистрибьютор статусу жөнүндө кат.
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
- документтердин толук топтомосун бербеген;
- сыр сөзү жок биринчи топтом менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
- Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
- кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация жок болгон учурда (Чакыргууга №1 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме жок болгон учурда (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган конкурстук табыштама/сунуш жок болгон учурда (Чакыргууга №7 Тиркеме формасы боюнча);
- Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацисынан өтпөгөн учурда;
- Буйрутмачынын техникалык жана квалификациялык талаптарына шайкеш келүү боюнча текшерүүдөн өтпөгөн катышуучулар.
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүүнү жүргүзө алат.
- Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
2.3Баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
2.4. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Баалоо критерийлери:
- Баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
- Конкурстук табыштамасы жеңген катышуучу менен бир жылдык мөөнөткө жеткирип берүү келишими түзүлөт, зарыл болсо тесттик партияны сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Квалификациялык документтерди тапшыруунун негизги талаптары:
- Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык, табыштамаларды орус тилинде берип, көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш.
- Тандоо алкагында берилген бардык документтер купуя маалымат катары каралат.
- Өз сунушун тапшыруу менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өз макулдугун билдирген болуп эсептелет.
Маанилүү!
- Эгерде Товар үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлсө, Жеткирип берүүчү алдын ала төлөм суммасына барабар болгон банктык кепилдик түрүндөгү кепилдик камсыздоону берүүгө милдеттүү.
- Келишимдин шарттарында келишимдин аткарылышына кепилдик милдеттенме (мындан ары – КАКМ) жалпы Келишим суммасынын 5% (беш пайызы) өлчөмүндө каралат.
- КАКМ формасы акчалай каражат же банктык кепилдик түрүндө болушу мүмкүн.
- Конкурстун жеңүүчүсү КАКМ төлөмүн жүргүзүүдөн баш тарткан учурда, буйрутмачы кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
- КАКМ төмөнкү учурларда буйрутмачынын тастыктоосунун негизинде жеткирип берүүчүгө 7 (жети) иш күнүнөн кечиктирбестен кайтарылат:
– Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде кепилдик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) толук жана ылайык аткарылган учурда;
– Келишим форс-мажордук жагдайларга байланыштуу бузулган учурда.
- d. КАКМ төлөмүн аткаруу үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №4 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.
- Эгерде буга чейин (КГК) дарегине бул түрдөгү продукцияны жеткирбеген жеткирип берүүчү квалификациялык тандоодон ийгиликтүү өтүп жана эң төмөнкү бааны сунуштаса, анда буйрутмачы продукциянын пилоттук (тесттик) партиясын жеткирүү боюнча келишим түзүүнү демилгелөөгө укуктуу.
- Тесттик партиянын баасы коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн баадан жогору болбошу керек.
- Ушул чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лотко бирден гана конкурстук сунуш бере алат.
- Документтерди тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин катышуучулар өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизе албайт.
Конкурстук сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-марты, саат 17:00 чейин.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн bek.myktybekuulu@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.
Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында табыштама ээси тарабынан келтирилген кандай гана болбосун чыгымдарды компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден так жана толук түрдө баш тартарын билдирет.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР