Жарыяланган: 24 February 2026
Кумтөрдүн Балыкчы өткөөл базасында компаниянын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өттү.
«Кумтөр Голд Компанинин» Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов Кумтөр кен жайынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууда базанын мааниси чоң экенин баса белгиледи:
«Өткөөл базанын кызматкерлери – компаниябыздын негизги тиреги. Тоо-кен жана көмөкчү техникалар үчүн жабдууларды, тетиктерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды, реагенттерди жана азык-түлүктү кен жайга токтоосуз, өз убагында жеткирген зор эмгегиңерди биз ар дайым жогору баалайбыз. Учурдан пайдаланып, баардыгыңыздарга, өзгөчө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына, инженер-механиктерге ыраазычылык билдирем», – деди ал.
Майрамдык иш-чаранын алкагында Балыкчы өткөөл базасынын алдыңкы адистерине Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.