«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКтын МҮДҮРЛӨР КЕҢЕШИНИН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ (ФОТО/ВИДЕО)

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКтын МҮДҮРЛӨР КЕҢЕШИНИН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ (ФОТО/ВИДЕО)

Жарыяланган: 20 February 2026

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү көчмө жыйындын алкагында Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго, Балыкчы шаарындагы өткөөл базага, Кумтөр кен жайына барышты.

Сапардын жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компанинин» Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов өткөн жылы башталган Балыкчы өткөөл базасындагы комплекстүү модернизациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек, модернизациялык иштердин алкагында, базанын күйүүчү-майлоочу майлар сакталган резервуарларынын саны жана көлөмү көбөйтүлүп, темир жол эстакадасы кеңейтилген. Ошондой эле базанын айланасы көрктөндүрүлүп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, көчмө жыйындын алкагында Мүдүрлөр кеңеши Кумтөр кен жайындагы өндүрүштүн абалы менен таанышып, кен жайдын штаттык режимде иштешин камсыз кылууга жана үстүбүздөгү жылга коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди. Мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү Калдыктарды кайра иштетүү долбоорунун алкагында жасалып жаткан иштерди, Алтын ылгоочу фабрикадагы өндүрүштүк кубаттуулукту арттырууга багытталган иштер менен да таанышты.