Жарыяланган: 30 January 2026
КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 6-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан ары – “КГК”) Сиздерди “HDPE” түтүктөрүн (алгачкы чийки заттардан жогорку тыгыздыктагы полиэтилен түтүктөрү) жеткирүүгө коммерциялык сунуштарды тапшырууга катышууга чакырат:
| Лоттун № | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| Лот №1 | ТҮТҮК 110 ММ, 10 БАР 50-100 М ТҮРМӨКТӨРДӨ, ПЛАСТИКОВАЯ (PIPE HDPE 110 MM, SDR17, IN ROLLS 50-100 m. ) | 4000 | метр |
| ТҮТҮК, ПЭВП PE100 SDR 11 (PN 1,6) D-160ММ (6 ДЮЙМ), L – 13 м (PIPE, HDPE PE100, SDR 11 (PN 1.6), 160MM DIA (6INCH), 13 m/ LE | 230 | даана | |
| ТҮТУК, SDR11, D – 200 мм, БЕТИНИН КАЛЫҢДЫГЫ -18,2 мм, L – 13 м, (PIPE HDPE, SDR11, D – 200 mm , WALL THICKNESS -18.2 mm, L – 13 m/LE | 300 | даана | |
| ТҮТҮК, SDR 13.6, БЕТИНИН КАЛЫҢДЫГЫ – 18.4 мм, D-250 мм, L -12 м (PIPE, HDPE PE 100 SDR, D-250mm, SDR 13.6, WALL THICKNESS – 18.4 мм, L-12 m/LE | 200 | даана | |
| ТҮТҮК, SDR 13,6 (PN 1,25), D-315 мм, БЕТИНИН КАЛЫҢДЫГЫ 23.2 мм, L -13 м (HDPE PE100 SDR 13.6 (PN 1.25), 315 MM O.D. X 23.2 mm WALL THICKNESS, L-13 m/LE | 460 | даана | |
| ТҮТҮК, SDR17, БЕТИНИН КАЛЫҢДЫГЫ 18.5 мм, L – 13 м, (PIPE HDPE 315 mm, SDR17, WALL THIKNESS 18.7 mm, L – 13 m/LE) | 770 | даана | |
| ТҮТҮК, ПЭВП 630ММ ДР-17; ЛИАНСУ# 13425, L – 12 м, (PIPE, HDPE D – 630MM, DR-17, L – 12 m/LE) | 60 | даана | |
| ТҮТҮК, SDR 26 (0.6MPA), D-630мм O.D.X 24.1 мм, L – 13 м, ЖҮК ТУШҮРҮҮ ҮЧҮН СТОРПАЛАР МЕНЕН (PIPE, HDPE PE100 SDR 26 (0.6MPA), 630mm O.D.X 24.1 mm, L – 13 m/LE, INCLUDING SLINGS FOR UNLOADING | 100 | даана | |
| ТҮТҮК ПЭВП SDR 11=14.6 мм, D-160 mm, L – 12 м (PIPE HDPE SDR 11=14.6 мм, D-160 mm, L – 12 m/LE) | 125 | даана |
Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түз дистрибьюторлордон гана каралат, бул үчүн өндүрүүчүлөрдөн тастыктоочу каттарды же уруксат сертификаттарын тапшыруу керек. Бул тармактагы сатуу тажрыйбасы кеминде үч (3) жыл болушу керек.
Расмий бланктагы коммерциялык сунуштар (КС) берилген күндөн тартып кеминде 4 жумага жарактуу болушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Берилген күнү жана чыгуу номери,
2) Жеткирүү убактысы жана төлөм шарттары,
3) Жеткирүү шарттары: DAP/DDP – Балыкчы, Нарын шоссеси 9,
4) Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мөөрү жана колу.
Коммерциялык сунушка катышуучунун акыркы эки (2) жылдагы окшош жеткирүүлөрү менен шилтемелер тизмеси тиркелиши керек, ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлуп, уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болуш керек. Сатуу тажрыйбасы окшош жеткирүүлөрдөгү тажрыйбаны тастыктаган кеминде 2 келишимдин көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Документтерди тапшыруу форматы: PDF.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруу тартиби
Билдирүүлөр “HDPE түтүктөрүн жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды тапшыруу” деген темада болушу керек жана zapros_hdpe2026@kumtor.kg электрондук почтасына гана так жөнөтүлүшү керек (көчүрмөгө башка эч кимди кошуу талап кылынбайт!).
Башка алуучуларга көчүрмөлөрү менен жөнөтүлгөн, ошондой эле 2026-жылдын 6-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дөн кийин жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар каралбайт!
Башка бардык тактоочу суроолорду электрондук почта аркылуу жазуу жүзүндө жиберсеңиздер болот: Erik.Jumabaev@kumtor.kg