ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ ТӨЛӨНБЕК АБДЫРОВ: УЧУРДА КУМТӨР ӨЛКӨНҮН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ИШТЕП ЖАТАТ

ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ ТӨЛӨНБЕК АБДЫРОВ: УЧУРДА КУМТӨР ӨЛКӨНҮН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ИШТЕП ЖАТАТ

Жарыяланган: 27 January 2026

Окумуштуунун айтымында, азыркы тапта Кумтөр кени салыктык чегерүүлөрү, алтын-валюталык резервдерди көбөйтүү жана баалуу металлдардын экспортун камсыздоо менен өлкө кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууда.

«Алтындын баасынын өсүшү экспорттон түшкөн валюталык кирешенин жогору болушун шарттайт. Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү, себеби биз техника, күйүүчү май жана дары-дармек импортуна көз карандыбыз. 2024-жылы республикабыздын жалпы экспорту болжол менен 5 млрд АКШ долларын түзсө, анын 2,5 млрд доллары алтын сатууга туура келди», — деп белгиледи Төлөнбек Абдыров.

Ал ошондой эле эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кумтөрдүн мамлекетке кошкон салымы кыйла артканын жана бул көрсөткүчтөр Эл аралык валюта фондунун отчеттору менен да тастыкталып жатканын баса белгиледи.