ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ (ТКБ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ (ТКБ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 12 January 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 26.01.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө (ТКБ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Түстүү металлдар металлургиясы», «Пайдалуу кен байлыктарды байытуу», «Химия жана химиялык технологиялар» багыттары боюнча жогорку билим;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы билимдерди өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, командада иштей билүү;
  • Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.

Милдеттер:

  • Өндүрүш процессинин туруктуу жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн бөлүм башчысынын тапшырмаларын аткаруу;
  • Долбоордук иштерге катышуу;
  • Өндүрүштүк тапшырмаларды өз убагында, толук жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу;
  • Коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо;
  • Иш ордундагы кооптуу материалдар тууралуу маалымат системасын (W.H.M.I.S) билүү;
  • Фабриканын жана лабораториянын технологиялык процесстеринде колдонулуучу бардык кооптуу материалдарды жана реагенттерди билүү жана алар менен коопсуз иштөө боюнча бардык нускамалардын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • КГКнын нормаларын жана жоболорун сактоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалманын өтүү жери – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 26-январь айында саат 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.