Жарыяланган: 15 December 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 22-декабры, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди кен казуу жайларынан калдыктарды алып чыгуу жана калдыктарды полигондорго көмүү үчүн жумушчу күчүн жана жабдууларды камсыз кылуу боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу «Конкурстук сунушту даярдоо боюнча көрсөтмө» менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме). |
|
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби | 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүгү | |
| Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө vyvoz-othodov2026@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 22-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме). |
||
| Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыгууну тастыктаган кат, сунуш формасы тиркелет (2-тиркеме) | |
| Юридикалык жакты каттоо күбөлүгүнүн скан көчүрмөсү | ||
| Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү | ||
| Аткаруучу Буйрутмачыга төмөнкүлөрдү берет:
· бар болгон уруксаттар жана лицензиялардын көчүрмөлөрү, салык төлөөчүнүн ишмердүүлүгүнүн параметрлери жана мүнөздөмөлөрү, аткарылган иштердин кыскача мазмуну жана сунуштары менен бизнес өнөктөштөрдүн тизмеси; · Сунушталган техникалык каражаттар жана жабдуулар (түрү, техникалык мүнөздөмөлөрү, саны, каттоо документтери, техникалык тейлөө тарыхы, сүрөттөрү); · Уюмдун башкы бөлүмү, негизги жана аймактык базасы; · Жумушчулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер тууралуу маалымат, алардын мурдагы иш тажрыйбасы; · Күндүзгү сменада мастердин болушу; · Жаңы кызматкерлерди стажировкадан өткөрүү подрядчы уюмдун жооптуу жетекчиси тарабынан кеминде 3 смена жүргүзүлөт. Эгер стажировка алтын кенине тажрыйбалуу кызматкерди калтыруу жолу менен жүргүзүлсө, анда жашоо жана тамактануу чыгымдарын Аткаруучу өз эсебинен төлөйт.
|
||
| Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат (акыркы отчеттук күнгө) | ||
| 2024-жылы үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү:
· Бухгалтердик баланс · Киреше жана чыгаша тууралуу отчет · Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчет · Капиталдын өзгөрүшү тууралуу отчет · Же болбосо 2024-ж. үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы |
||
| Ак ниеттүүлүк декларациясы, сунуш формасы тиркелет (3-тиркеме) | ||
| Конкурстук сунушту кепилдеген декларация, сунуш формасы тиркелет (4-тиркеме) | ||
| Иштеп жаткан кызматкерлер жана инженердик-техникалык кызматкерлер тууралуу маалымат, тажрыйбасы, сунуш формасында көрсөтүү (5-тиркеме) | ||
| Ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, аткарылган иштер жана сунуштар, сунуш формасында көрсөтүү (5-тиркеме) | ||
| Жалпы талаптар | Кумтөр алтын кенинин объекттери түбөлүк тоң шартындагы бийик тоолуу аймакта жайгашкан. | |
| Аткаруучу квалификациялуу адистерди, жумушчуларды, жабдууларды жана техникалык каражаттарды камсыз кылуу аркылуу кошумча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.
Аткаруучу өз күчү жана каражаты менен техникалык каражаттарын талаптагыдай абалда кармоого, өз убагында тейлөөгө (оңдоо ж.б.), бузулган учурда техникалык каражатты өз убагында жана талапка ылайык алмаштырууга же кемчиликтерди мүмкүн болушунча тез арада жоюу чараларын көрүүгө милдеттүү. Электр энергиясы, жабдуулар, материалдар, куралдар, жеке коргонуу каражаттары (ЖКК), персоналды «Волна» – Кумтөр багыты боюнча ташуу, транспорт үчүн күйүүчү май, тамак-аш жана лагерьде жашоо Буйрутмачы тарабынан камсыз кылынат, наркы Аткаруучу тарабынан ички баа түзүү методикасына ылайык төлөнөт. Буйрутмачы мындай чыгымдардын наркын Аткаруучунун аткарган ишинин акысын төлөөдө акцептсиз тартипте кармап калат. Ошондой эле, Аткаруучу күйүүчү майды эсепке алуу үчүн RF ID орнотуунун жана кызматкерлердин идентификациялык карталарын даярдоонун наркын төлөп берет. |
||
| Баалоо критейрийлери: | ||
| Конкурстун биринчи этабынан өткөн деп бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун тапшырган сунуш эсептелет. | ||
| Финансылык сунуштарды тапшыруу тартиби | 2-этап: Финансылык бөлүгү | |
| Финансылык/коммерциялык сунуш сыр сөз менен корголгон архивде тапшырылышы керек, сунуш формасы тиркелет (7-тиркеме). Сыр сөз конкурстун жооптуу адамына сурам жөнөтүү менен берилет.
Сыр сөз кеминде 8 белгиден турушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1 сан, 1 символ, 1 баш тамга жана 1 кичине тамга. Финансылык/коммерциялык сунуш расмий бланкта «Кумтөр Голд Компани» ЖАК дарегине багытталып, баа, аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана сыр сөз суралат. |
||
| Катышуу сунушу «Кен казуу жайларынан калдыктарды чыгаруу үчүн жумушчу күчүн жана жабдууларды камсыз кылуу» деген тема менен vyvoz-othodov2026@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 22-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүшү керек. | ||
| Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес. | ||
| Катышууга сунуш расмий бланкта болушу керек | ||
| Конкурстун катышуучуларынын көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күн болушу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт. (6-тиркеме). |
||
| Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар: Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. | ||
| Келишим, коммерциялык сунушу техникалык тапшырмага жана тандоо шарттарына жооп берген, 1 жана 2 этаптан өткөн, эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет | ||