КУМТӨРДҮН ТОКМОКТОГУ ЗАВОДУ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ АКЫ ТӨЛӨП ЖОК КЫЛУУГА ЛИЦЕНЗИЯ АЛДЫ

КУМТӨРДҮН ТОКМОКТОГУ ЗАВОДУ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ АКЫ ТӨЛӨП ЖОК КЫЛУУГА ЛИЦЕНЗИЯ АЛДЫ

Жарыяланган: 21 November 2025

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун филиалы — Чүй облусунун Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу калдыктарды жок кылууга (кайра иштетүүгө) расмий лицензия алды.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген бул лицензия эскирген унаа дөңгөлөктөрүн жок кылуу үчүн акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Дөңгөлөк таштандыларын жок кылуу боюнча заводдун бул кызматтары өнөр жай жана тоо-кен ишканалары, транспорттук компаниялар үчүн абдан чоң мааниге ээ.

Анткени эскирген дөңгөлөктөрдү жок кылуу дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да өтө чоң экологиялык көйгөйгө айланган. Бул багытта завод менен болгон кызматташтык чет жактан дөңгөлөктөрдү импорттоочуларга да чоң пайдасын тийгизип, утилизациялык төлөмдү үнөмдөөгө жардам берет.

Маалымат үчүн: Завод жылына 10 миң тоннага чейин дөңгөлөктөрдү кайра иштете алат. Ал ар кандай типтеги жана өлчөмдөгү, анын ичинде оор карьердик, курулуш жана айыл чарба техникаларынын чоң габариттүү дөңгөлөктөрүн да утилдештирүүгө кабыл алат.

Учурда заводдо кайра иштетүүчү жана калыбына келтирүүчү эки цех иштейт:

  • Калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон дөңгөлөктөрдөн резина күкүмү алынат. Бул – резина буюмдары, балдар жана спорттук аянтчалар үчүн резина төшөлмөлөрү, травматикалык коопсуз жабууларды жасоо үчүн колдонулат.
  • Экинчи цехте калыбына келтирилген чоң габариттүү дөңгөлөктөр учурда Caterpillar 789С үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу самосвалдарга орнотулуп, Кумтөр кен жайында сыноодон өтүүдө.