ALTYN SALYM AWARDS: “КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

ALTYN SALYM AWARDS: “КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 15 November 2025

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов компаниянын жетекчилигинин атынан өлкөбүздүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы редакторлорун жана журналисттерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө Болотбек Идирисов “Кумтөр Голд Компани” өз ишинде ачыктык жана айкындык принциптерин карманарын баса белгиледи.

“Кумтөр кен жайында кандай иш жүрүп жатканын, компания кандай натыйжаларга жетишкенин жана биздин кызматкерлер кандай шарттарда эмгектенээрин коомчулук билип турушу керек. Сиздердин жардамыңыздар менен биз бул маалыматтарды жалпы элге ыкчам жеткире алабыз. Дал ушул сиздердин аракетиңердин аркасында биз коомчулук менен тыгыз байланыш куруп келебиз. Силердин кесипкөйлүгүнөр болбогондо, компаниябыздын ийгиликтери, жетишкендиктери жөн гана отчёт, жөнөкөй сандар боюнча кала бермек. Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана ишенимдүү кызматташтыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз” – деди ал.

Салтанаттуу иш-чарада жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнө бекем кызматташтыгы үчүн салтка айланган “Алтын Салым” корпоративдик медиа сыйлыгы жана ыраазычылык каттары тапшырылды.