КГКнын ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУ ЖАНА КОШТОО (СЕРВИС-КОНТРАКТ НЕГИЗИНДЕ – БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕ)

КГКнын ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУ ЖАНА КОШТОО (СЕРВИС-КОНТРАКТ НЕГИЗИНДЕ – БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕ)

Жарыяланган: 04 August 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.08.2025, 17:00го чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК КГКнын Директорлор кеңешине уюштуруучулук жана коштоочу кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурс жарыялайт.

Кызмат көрсөтүү сервис-контракт негизинде жүргүзүлөт.

Сунуштарды жөнөтүү дареги: secretary2025@kumtor.kg

Кызмат орду: КГКнын Директорлор кеңешинин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана коштоо (Бишкек шаарындагы кеңсе)

МИЛДЕТТЕРИ:

Билими:

  • Жогорку юридикалык билим.
  • Иш кагаздарын жүргүзүү, документ жүгүртүү жана административдик иштердин негиздерин билүү.
  • Расмий иш кагаздарын, отчетторду, протоколдорду даярдоо жөндөмү.
  • Жетекчинин ишин уюштуруу жана коштоо принциптерин билүү.

Иш тажрыйбасы:

  • Административдик же уюштуруучулук ишмердүүлүк, расмий документтер менен иштөө тажрыйбасы.

Жөндөмү жана компетенциялар:

  • Чоң көлөмөгү маалыматтар менен иштөө, аларды системалаштыруу жана структуралоо жөндөмү.
  • Кеңсе программаларын билүү (MS Office, электрондук документ жүгүртүү системалары).
  • Иш убактысын пландаштыруу, процесстерди координациялоо жөндөмү.
  • Көп тапшырма менен иштөө жөндөмү.

ТАЛАПТАР:

  • Директорлор кеңешинин жыйындарын уюштуруу жана координациялоо.
  • Күн тартибин, чечим долбоорлорун, протоколдорду жана коштоочу материалдарды даярдоо.
  • Кызматтык, маалыматтык жана түшүндүрмө каттарды даярдоо.
  • Документтерди макулдашуу жана тапшыруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөө.
  • Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен иш кагаздарын жүргүзүү жана алар менен аракеттенүү.
  • Жыйындарды даярдоо жана өткөрүү регламентин сактоо.
  • Ички форумдар, жолугушуулар, иш-чаралар сыяктуу корпоративдик жана жумушчу иш-чараларды уюштурууга катышуу.
  • Кеңешмелерди, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу: катышуучуларды кабардар кылуу, материалдарды даярдоо.
  • Жумуш ордунда ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу: тазалык, тартип, жабдуулардын иштешин көзөмөлдөө.
  • Жетекчинин жумуш ордун керектүү материалдар жана ресурстар менен камсыз кылуу.
  • Ички эрежелерге жана күн тартибине ылайык иш алып баруу.

ШАРТТАР:

  • Кеңсе: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24.
  • График: Толук жумуш күнү (5/2).
  • Кызмат акысы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

 

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

Форма запроса коммерческого предложения (КП)

№1 ТИРКЕМЕ