ФОТОРЕПОРТАЖ — ТОКМОКТОГУ ЗАВОДДО ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫН ДӨҢГӨЛӨКТӨРҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕ БАШТАДЫ

ФОТОРЕПОРТАЖ — ТОКМОКТОГУ ЗАВОДДО ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫН ДӨҢГӨЛӨКТӨРҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕ БАШТАДЫ

Жарыяланган: 17 July 2025

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Токмок шаарындагы филиалы – Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн муздак жана ысык ыкмалар менен калыбына келтирүү иштерин баштады.

Белгилей кетсек, металл каркасы толук, иштөө мөөнөтү беш жылдан ашпаган гана дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүгө болот.

Учурда муздак линия тесттик режимде ишке берилди. Ал эми ысык линияны тесттик режимде ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Кумтөр кен жайында учурда ири көлөмдөгү оор тоо-кен техникасы үчүн калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн биринчи партиясы сыноодон өтүп жатат.