«КУМТӨР» КЕН ИШКАНАСЫНЫН ВАХТАЛЫК КОНУШУНУН ТИРИЧИЛИК САРКЫНДЫ СУУ ТУТУМУН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО БОЮНЧА КУРУЛУШ-МОНТАЖ ИШТЕРИН АТКАРУУ ҮЧҮН АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

«КУМТӨР» КЕН ИШКАНАСЫНЫН ВАХТАЛЫК КОНУШУНУН ТИРИЧИЛИК САРКЫНДЫ СУУ ТУТУМУН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО БОЮНЧА КУРУЛУШ-МОНТАЖ ИШТЕРИН АТКАРУУ ҮЧҮН АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

Жарыяланган: 08 July 2025

ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 17-июлу, саат 14:00 чейин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК «Кумтөр» кен ишканасынын вахталык конушунун тиричилик саркынды суу тутумун модернизациялоо боюнча курулуш-монтаж иштерин аткаруу үчүн алдын ала квалификациялык тандоого чакырат.

ТАПШЫРУУ ФОРМАТЫ: Квалификациялык тандоо жөнүндө арызга жана башка документтерге арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюуга тийиш. Документтер мөөр басылып жана PDF форматында берилиши керек. Кол койгон жактын ыйгарым укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ ТАРТИБИ: Сынактын катышуучулары сынактын талаптарына ылайык катышуу үчүн орус тилинде арыз жазып, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, 2025-жылдын 17-июлу саат 14:00гө чейин smr.2025@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Техникалык тапшырма, иштин көлөмү жөнүндө тизме (ВОР), жана жумушчу долбоор кол коюлган Купуялуулук жөнүндө макулдашуунун негизинде берилет (келишимдин формасы тиркелет).

Тандалып алынган катышуучу ВОРго жана Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырмага ылайык тиричилик-саркынды суу системасын модернизациялоо боюнча курулуш-монтаж иштерин жүзөгө ашыруу үчүн баасын, иштелип чыккан смета жана башка керектүү документтерди камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет (Квалификациялык тандоодон өтүп, купуялуулук келишимине кол койгон шартта)

КАТЫШУУГА АРЫЗ ТӨМӨНКҮ ДОКУМЕНТТЕРДИ КАМТЫШ КЕРЕК: Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
Акыркы 3 жыл ичиндеги подрядчы тарабынан курулуш-монтаж иштерин аткаруу тажрыйбасы. (аткарылган келишимдердин, аткарылган иштердин акттарынын көчүрмөлөрүн тиркөө керек)
Бул тандоого окшош иштер боюнча эң кеминде бир долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы (тиричилик саркынды суу тутуму)
Курулушта беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар сертификатталган долбоордун жетекчисинин (прораб, участоктун жетекчиси) болушу жана тандоо жүргүзүлүп жатканга окшош жумуш боюнча экиден кем эмес долбоорду ишке ашыруу.
Ширетүү жумуштарды аткаруу укугун берген атайын күбөлүгү бар күбөлөндүрүлгөн ширетүүчүлөрдүн болушу
Ишти аткарып жаткан инженердик-техникалык персонал үчүн жеңил транспорттун болушун ырастоо.
Персоналды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу.
Өнөр жай жана өрт коопсуздугунун сакталышын ырастоо.
Сынактык арызга кепилдик берген декларация.
“Кумтөр” кенинде курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон лицензиялар, күбөлүктөр
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү;
Негизги ишмердикти аныктоочу документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле директор болуп дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Мамлекеттик органдарга акыркы отчеттук датага карата салык төлөмдөрүнүн жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн карызы жоктугу жөнүндө маалымдама.
2023-2024 финансылык отчетторунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Бухгалтердик баланс;

·      Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет;

·      Акча агымдары жөнүндө отчет;

·      Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү;

·      же 2023–2024 жылдар үчүн бирдиктүү салык декларациясы.

МААНИЛҮҮ! “Кумтөр” кенинде курулуш-монтаж иштерин аткаруу үчүн подрядчыларды тартууга карата Техникалык тапшырманын талаптары жана негизги маалыматтар тизмесинин ар бир пункту боюнча тастыктоо жана жооп берүү зарыл. Талап кылынган документтерди тиркөө керек.

Техникалык тапшырманын талаптарына толук жооп берилбегендиги тандоо катышуучусунун сунушун четке кагууга негиз болот.  (Техникалык тапшырма тиркелген)

БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ: Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун камтыган сунуш квалификациялык тандоодон өткөн деп таанылат.
“Кумтөр кениндеги курулуш-монтаж иштери» темасы жазылган сунушту 2025-жылдын 17-июлунда саат 14:00 SMR.2025@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө болот.
Буйрутмачы, тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда сунуштардын бирин же баарын кабыл алууга же четке кагууга же тандап алуу процессин токтотуугу укуктуу.
Сунуш расмий бланкта болушу керек.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана сунуш бере алат.

Сунуш кеминде 60 календардык күндүн ичинде жарактуу болушу керек.

Сынактык сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сынактык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандалып алынган катышуучу келишимге кол койгонго чейин декларация түрүндө келишимдин аткарылышына кепилдик берүүгө милдеттүү.
Алдын-ала төлөм жүргүзүлгөн учурда, жеңүүчү компания алдын-ала төлөмдүн суммасынан кем эмес банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
Сынакка байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлсө болот Baisal.Taalaibekov@kumtor.kg
Тандоо шарттарын тактоо жөнүндө өтүнүчтөр сунуш берүү мөөнөтү аяктаганга 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек.