ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ, ЖЕТИ-ӨГҮЗ ЖАНА ТОҢ РАЙОНДОРУНДАГЫ МЕЙМАНКАНАЛАРДЫ ТАНДОО БОЮНЧА
Жарыяланган: 17 June 2025
ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 20-июну, саат 14:00 чейин
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери үчүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда мейманкана кызматын көрсөтүүчү жеткирүүчүлөрдү АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДООГО КАТЫШУУГА ЧАКЫРАТ.
Квалификациялык документтерди берүү үчүн негизги талаптар:
- Документтер PDF форматында берилиши керек.
- Документтер hotel25@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.
- Бир электрондук каттын өлчөмү 25 МБдан ашпашы керектигине көңүл буруңуз.
Тапшыруу үчүн талап кылынуучу документтер:
- Анкетанын толтурулган көчүрмөсү (ушул тизмеге №1 формасы боюнча);
- Берүүчүлөрдүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү үчүн толтурулган форма (бул тизмеге №2 формасы боюнча);
- Директордун же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор (эгерде бар болсо) менен Уставдын көчүрмөсү, ошондой эле катышуучулардын жалпы чогулушунун же жалгыз катышуучунун ушул Уставды бекитүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
- Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Юридикалык жак түзүлбөй туруп жеке ишкер катары жеке адамды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү/ишмердиктин тиешелүү түрү боюнча патенттин (ыктыярдуу же милдеттүү) көчүрмөсү (өтүнмө берүү датасына карата актуалдуу), ошондой эле паспорттун/идентификациялык картанын көчүрмөсү;
- Юридикалык жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын бюджетине салык төлөмдөр жана камсыздандыруу төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымат;
- Уюмдун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү же мурунку 2 (эки) календардык жыл же УНМ үчүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
- Салык каттоосу тууралуу күбөлүк;
- Ишмердиктин түрлөрү боюнча уруксат кагаздары (лицензиялар, уруксаттар, күбөлүктөр);
- Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн директордун ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин көчүрмөсү (директорду дайындоо жөнүндө буйрук, директорду дайындоо жөнүндө катышуучулардын жыйынынын протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими). Эгерде башка жак катышуучунун атынан иш алып бара турган болсо, келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жакка карата ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана башка документтер.
Бул Чакыруу боюнча суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн Altynai.Keldikeeva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча кайрыла алат, бирок квалификациялык документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, өтүнүч берүүчүгө суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Буйрутмачы квалификациялык документтерди берүүнүн акыркы күнүн ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кийинки күнгө жылдыра алат, ал эми Буйрутмачы бул тууралуу алдын-ала тандоо жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
Документтерди көчүрүп алыңыз:
Форма №1
Форма №2