Жарыяланган: 05 June 2025
5-июнь – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү. Бул күндү утурлай, Кумтөр ишканасында экология жаатында жасалып жаткан негизги ишмердүүлүгү тууралуу айтып беребиз.
Алтын өндүрүү – бул техникалык жактан өтө татаал процесс экени сыр эмес. Бул тармакта жаратылышка тийгизген таасирин азайтуу – чоң жоопкерчилик жана узак мөөнөттүү милдетибиз.
Бул жоопкерчиликти терең түшүнүү менен Кумтөр ишканасы ишмердүүлүгүн туруктуу экологиялык коопсуздуктун принциптеринин негизинде жүргүзүп келет. Биз үчүн эң башкысы ар бир грамм алтын – таза жаратылыш менен шайкештикте өндүрүлүшү керек.
ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГООНУН НЕГИЗИ
Кумтөр кен жайында өндүрүш процессинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлерди минималдаштырууга мүмкүндүк берген эң заманбап жабдуулар жана инженердик чечимдер колдонулууда. Ишкана ар дайым дүйнөдөгү эң мыкты тажрыйбаларды, жаңы ыкмаларды изилдеп, экологияга зыян келтирбеген альтернативдүү жолдорду киргизүүгө тынымсыз аракет кылып келет.
КОМПЛЕКСТҮҮ МОНИТОРИНГ СИСТЕМАСЫ
Кумтөр кен жайынын ишмердүүлүгүнүн бардык этаптары комплекстүү экологиялык мониторинг аркылуу катуу көзөмөлдөнөт. Бул система күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп, кендин жерге, сууга, абага, ошондой эле өсүмдүктөргө жана жапайы жаныбарларга тийгизген таасирин тыкыр анализдеп турат. Ар бир алынган маалымат – кийинки иш-аракеттерди туура пландап, экологиялык тобокелчиликтерди азайтуунун жана кырсыктарды алдын алуунун негизи болуп саналат.
БИРГЕЛИКТЕ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН
Кумтөр – бул жөн гана алтын казуучу ишкана эмес. Бул жаратылыш менен жакын мамиле түзүүнү максат кылган, туруктуу өнүгүүнү көздөгөн социалдык жоопкерчиликтүү компания. Биз мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана эксперт-экологдор менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу менен жалпы максатка – Кыргызстандын кооз жаратылышын, тунук суусун, таза абасын келечек муундарга эч өзгөрүүсүз өткөрүп берүүгө умтулабыз.