Кумтөр кен жайдын эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртууда

Кумтөр кен жайдын эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртууда

Жарыяланган: 18 August 2021

Кумтөрдө, арктикалык бийик тоолуу шарттарда, кайраты күчтүү адамдар иштейт. Вахта эки жума созулат. Бир убакта кендин лагеринде эки миңге жакын адам жашайт. Кызматкерлердин бир бөлүгү компанияда көп жылдан бери иштеп келет, ал эми кимдир бирөө чоң эмгек жамаатка жакында эле кошулду.

“Кумтөр” компаниясы татыктуу жумуш шарттарын түзүүгө жана жашоо сапатын жогорулатууга зор маани бөлөт. Азыркы учурда имараттардын редизайны жана оңдоп-түзөө  иштери, бийик тоолуу лагердин эмеректерин алмаштыруусу пландалууда. Жумушчулардын тамактануусу жакшыртылды: менюга биринчи жана экинчи тамактын бир нече түрү, ар кандай салаттар, мөмө-жемиш жана ширелер кошулду. Компаниянын тарыхында биринчи жолу кызматкерлердин тамак-ашы даамдуу гана эмес, ошондой эле пайдалуу болуусун диетолог көзөмөлдөйт.

“Кумтөр” кенинин тамак-аш уюштуруу боюнча координатору Сарман Шамбеталиев төмөндөгүдөй деп белгиледи: “Эгерде мурун азык-түлүктөрдү үнөмдөө артыкчылыкка ээ болсо, ал эми убактылуу тышкы башкаруу киргенден бери бизде бир кыйла нерсе алмашты. Биз иштеп жүргөн техникага 25 жыл болуптур, бирок азыр жаңы заманбап ашкана жабдууларына буйрутма бердик, жана ошондой эле жогорку сапаттагы тамак-аш азыктары келе баштады.”

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.