Кумтөрдүн Кызматкерлери Мектеп Китепканаларына Китеп Тапшырышты

Кумтөрдүн Кызматкерлери Мектеп Китепканаларына Китеп Тапшырышты

Жарыяланган: 05 February 2019

«Кумтɵр Голд Компанинин» ЖМК менен байланыш бɵлүмүнүн кызматкерлери «Балдар энциклопедиясы» нускаларын Бишкек шаардык мектептеринин китепканаларына тапшырышты. Кайрымдуулук акциясы 2019-жылдын 28-январында борбордук мэриянын билим берүү башкармалыгында ɵттү. КГКнын ЖМК менен байланыш бɵлүмүнүн кызматкерлеринен тышкары ага билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова, шаардык окуу жайлардын ɵкүлдɵрү да катышышты.

Сауле Мейрманова белгилегендей, акция чоң мааниге ээ, себеби мектеп китепканалары дээрлик толукталбайт. «Кумтɵр Голд Компани» балдарыбызга ушундай сонун белек жасаганы бизге ɵтɵ жагымдуу. Бул жɵн эле китептер эмес – бул Кыргызстандын келечегине салым», – деди Мейрманова.

ЖМК менен байланыш бɵлүмүнүн менеджери Марина Гаврилова китеп окуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Балдарды китеп окууга, эне тилине жана кыргыз элинин улуттук салттарына кызыгуусун арттыруу зарылдыгын түшүнүү биздин компаниянын бул долбоорго катышуусунун негизги себеби. Тилекке каршы, кɵп ɵспүрүмдɵр бүгүн китеп окууну убакытты бошко кетирүү деп саноо менен компьютерде убакыт ɵткɵрүүнү артык кɵрүшɵт. А дал мына ушул китеп окуу адамга билим берет, түшүнүгүн кеңейтет, адамды маалымдар кылып, эрудициясын арттырат эмеспи», – деп баса белгиледи ал.
Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын карамагында 90дон ашуун мектеп бар. Салтанаттуу кырдаалда кыргыз жана орус тилдеринде жалпысынан 500 китеп тапшырылды.
Балдар энциклопедиясын «Кумтɵрдүн» каржылык колдоосунда «Раритет» басмасы чыгарган.

Иллюстрацияланган энциклопедияда билимдин ар түрдүү тармактары боюнча эң ар түрдүү тармактары боюнча эң жаңы маалыматтар чогултулган. Ал баяндалуусунун жɵнɵкɵйлүгү жана ачыктыгы, бардык келтирилген маалыматтардын илимий аныктыгы менен айырмаланган, мектеп окуучулары үчүн эң сонун маалымдама жана окумдуу китеп. Энциклопедия ɵз түшүнүгүн кеңейтүүнү каалаган жана тарых, техника, география, биология, астрономияга кызыккан бардык адамдар үчүн баалуу окум.