Кумтѳр «HP» принтерлер менен плоттерлерди, «Xerox» көчүрмө жана көп функционалдуу түзүлүштөрдү тейлөө жана оӊдоо кызматтары үчүн конкурс жарыялайт

Кумтѳр «HP» принтерлер менен плоттерлерди, «Xerox» көчүрмө жана көп функционалдуу түзүлүштөрдү тейлөө жана оӊдоо кызматтары үчүн конкурс жарыялайт

Жарыяланган: 15 July 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Кумтѳр Голд Компани ЖАКу, «HP» ишканасы чагарган ак-кара жана түстүү принтерлер менен плоттерлерди, жана ошондой эле «Xerox» чыгарган көчүрмө жана көп функционалдуу түзүлүштөрдү тейлөө жана оӊдоо кызматтары үчүн конкурс жарыялайт.

Кумтѳр Голд Компани ишканасы, дасыккан адистери бар, «HP» жана «Xerox» ишканаларынын тастыкталган сервис өнөктөштөрү болгон ишкана жана жеке ишкерлердин сунуштоолорун карап чыгууга даяр. Мындан тышкары, конкурс талапкерлерине КГК ишканасында колдонулуп жаткан принтер жана көп функционалдуу түзүлүштөрдүн моделдер тизмесин берүүгө даярбыз. Бардык сунуштоолор, оозу чапталган, үстүндѳ «Перифериялык түзүлүштөрдү тейлөө жана оӊдоо», деп жазылган конверттерди Бишкек шаары, Ибраимов кѳчѳсү 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 каб., адресине 12 август 2016 жыл, 17:00 чейин жѳнѳтүӊүздөр.

Кошумча маалымат үчүн kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине кайрылсаңыздар болот. КГК менен потенциалдуу сервис өнөктөштөрдүн ортосундагы макулдашуунун негизинде Кумтѳр кен-жайына сапар уюштурулушу мүмкүн.

КГК ишканасы, ар-кайсы сунуштоонун бүтүнүн же белгилүү бир бѳлүгүн кабыл алуу же албоо укугун сактайт. Ошонун негизинде, потенциалдуу сервис өнөктөштөрдүн тендерге катышуу үчүн жасаган чыгымдарынын ордун толтуруу милдеттенмесинен баш тарткандыгын КГК ачык жана айкын билдирет.