«Кумтɵр Голд Компани» № 91 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлɵрүн куттуктады

«Кумтɵр Голд Компани» № 91 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлɵрүн куттуктады

Жарыяланган: 30 June 2015

2015-жылдын 30-июнунда № 91 кесиптик лицейде бүтүрүүчүлɵргɵ диплом тапшыруу аземи болду. Бүтүрүүчүлɵрдүн катарында Ысык-Кɵл облусунан «Кумтɵр Голд Компанинин» стипендиялык программасынан беш бала бар.

Компания 2000-жылдан бери Ысык-Кɵл облусунун аз камсыз үй-бүлɵлɵрүнүн балдары үчүн стипендиялык программасын ишке ашырып келет. 2015-жыл мааракелик болуп, быйыл Тамга, Барскоон, Шор-Булак, Тосор айылдары менен Балыкчы шаарынан үч кыз жана эки улан “ашпозчу” жана “кондитер” адистиктери боюнча окуп, кесипке ээ болушту.

Быйыл компанияда стипендия алууга билдирмелер июнда башталды. Кызыкдар талапкерлер 3-июлга чейин билдирме бере алышат. Сынактын жыйынтыктары боюнча, кабыл алынган билдирмелердин санына жараша компания 10дой улан-кызга кийинки окуу жылына билим алуусун каржылоону ниеттенет. Тандап алуу алты жума жүрүп, жыйынтыктарын компания августун ортосунда билдирмекчи.

«Биздин компания үчүн жаштарды колдоо Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүүдө приоритеттүү багыттарынын бири. Биз жаӊы муундун дараметин бекемдɵɵгɵ багытталган, анын ичинде аларга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен программаларды жүзɵгɵ ашырабыз. Мен № 91 кесиптик окуу жайында алган билим менен тажрыйба улан-кыздардын келечектеги карьерасы үчүн мыкты башталыш деп ишенем», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» окутуу жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел.