DELPHI ИШТЕТҮҮЧҮ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)

Жарыяланган: 29 August 2023

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.09.2023, 16:00го чейин.

“Кумтор Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:
Delphi иштетүүчү (Бишкек ш. кеңсе)

Билдирүүнүн номери: KGC-23-139

 КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • ERP корпоративдик чечимдеринин модулдарын иштеп чыгууга катышуу;
  • Бизнес системалардын бөлүктөрүн талдоого катышуу;
  • Жаңы чакан, орто жана чоң долбоорлор боюнча кырдаалдык милдеттерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
  • Инфраструктураны долбоорлоо жана андан ары колдоо;
  • Алгоритмдерди оптималдаштыруу;
  • Колдонуучу интерфейстерин иштеп чыгуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар тармагындагы жогорку билим;
  • Маалымат системалары тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Delphi программалоо тилин кесиптик деңгээлде билүү;
  • Программалоодо объектке багытталган ыкманы, структуралык программалоонун эрежелерин ишенимдүү билүү жана колдонуу;
  • Программалык интерфейсти иштеп чыгуу тажрыйбасы: формалар, тизмелер, дарактар;
  • Көп агымдуу тиркемелерди иштеп чыгуу тажрыйбасы: агымдарды синхрондоштуруу, агымдардын графикалык интерфейс менен байланышы, агымдарды туура бүтүрүү;
  • Кардар-сервер тиркемесин иштеп чыгуу тажрыйбасы (ADO);
  • T-SQL (Transact SQL) суроо-талаптар тилин салыштырмалуу “орто” деңгээлде билүү, T-SQL кодунун ыкчам маселелериндеги негиздерди түшүнүү (суроо-талап планы, индекстер);
  • Өзүнүн жана башкалардын кодун түшүнүү, каталарды табуу жана аларды оңдоо;
  • GIT, CVS же ушул сыяктуу нускаларды контролдоо системаларында иштөө көндөмдөрү;
  • Маалымат технологиялар долбоорлорунда жана тапшырмаларында иштеп чыгуучу кызматында иш тажрыйбасы – 1 жылдан кем эмес.
  • Приветствуется:

— C#, Java, VB, JavaScript тилдеринде программалоо тажрыйбасы;

— маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK стандарттарын бирин колдонуу боюнча билими жана көндөмдөрү;

— стандарттарды, процесстерди, иштеп чыгуу куралдарын, тестирлөөнү, процесстердин метрикасын жана коддун сапатын чогултууну билүү (CI/CD, DevOps техникалык практикалары, Open Stack), пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетүү жана контролдоо көндөмдөрү;

— T-SQL (MS SQL) суроо-талаптар тилин терең билүү;

— MS SQL Server,  бөгөт коюу жана бүтүм механизмдери, индекстер, натыйжалуулугун оптималдаштыруу ыкмалары, ж.б. өндүрүмдүүлүк маселелери боюнча терең билими жана тажрыйбасы,

— 1С 8.х платформасында администратор/иштеп чыгуучу/архитектор ролунда иш тажрыйбасы, 1С маалымат базасынын түзүлүшүн MS SQL деңгээлинде билүү жана 1С платформасынын MS SQL менен өз ара аракеттешүүнүн принциптерин билүү,

— UML билүү: UML-диаграммаларын түзүүдө тажрыйбасы.

  • Тилдерди билүүсү:

– Орус тили – эркин;

– Кыргыз тили – кубатталат;

– англис тили – орто (Upper Intermediate) же жогорку деңгээлде (Advanced) билүү.

Анкета жана резюме 2023-жылдын 12-сентябры саат 16:00дөн кечиктирилбестен HR@kumtor.kg электрондук дарегине берилиши керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-23-139 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

АҢГЕМЕЛЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН Следующая публикацияИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.