Жарыяланган: 13 August 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-августу, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») сиздин компанияңызды жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроого катышууга чакырат.
| Бөлүнүүчү лоттор | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| Лот 1 | ЧЕХОЛ ДЛЯ ТС САТ | 123 | даана |
| Лот 2 | ФОНАРЬ ИНДИВИДУАЛЬНЫЕ ОСВЕТИТЕЛЬНЫЕ ФОНАРИ ДЛЯ ПОВЫШЕННОЙ ДАЛЬНОБОЙНОСТИ ДЛЯ ПОДЗЕМНОЙ РАЗРАБОТКИ | 20 | даана |
| Лот 3 | ФОНАРЬ, СВЕТОДИОДНЫЙ РУЧНОЙ ФОНАРЬ, ПРОИЗВОДИТЕЛЬ: SMALL SUN, МОДЕЛЬ: ZY‑T271, ФОКУСИРОВКА: ВЫДВИЖНАЯ ЛИНЗА (ZOOM) | 10 | даана |
| Лот 4 | ПУЛЬТ УПРАВЛЕНИЯ ДЛЯ ШЛАГБАУМА BG1060 | 50 | даана |
| Лот 5 | АБСОРБЕНТ, МАСЛОПОГЛОТИТЕЛЬ S 100/PK ДЛЯ ПОГЛОЩЕНИЯ РАЗЛИВОВ УГЛЕВОДОРОДОВ 15`X 19` | 488 | даана |
Берүү форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары — «КС») PDF форматында берилип, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле КС ишкананын расмий бланкында, колу жана мөөрү менен таризделиши керек.
Сунуштарды берүү тартиби: Тандоонун катышуучулары КСти орус же кыргыз тилинде берип, электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: [email protected] 2026-жылдын 20-августу, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
Жеткирүү жери: Кыргызстан, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24/1.
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Сүрөттөмөгө, техникалык параметрлерге/техникалык тапшырмага (ТТ) ылайык келген жана эң төмөн бааны сунуштаган КСти берген сунуш жеңүүчү деп табылат.
Өз сунушун берүү менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.
КГК кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим берилгенге чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана мында КС берген тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Ар бир тандоонун катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуштарды тандоо мезгилинде коммерциялык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Ушул тандоо боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]. Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.