Акылдын сергектиги алтындан кымбат

Акылдын сергектиги алтындан кымбат

Жарыяланган: 15 November 2011

Тармактагы кырдаал жөнүндө биз Тоо-кен компаниялар ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү, КРнын Президентинин кеңешчиси Валентин Николаевич Богдецкий
Дүйнөлүк кризис көптөгөн финансылык институттарга ишенимди олуттуу жана узак убакытка кетирди. Эң туруктуу валюталардын курстары кулоо менен алтынга суроо-талапты жана бааны өстүрдү. Инвесторлор өз активдерин коргоо үчүн алтын куймаларын гана эмес, ошондой эле алтын өндүрүүчү компаниялардын да акцияларын токтоосуз сатып ала башташты. Ондогон алтын кендери бар Кыргызстан үчүн бул кырдаал оңтойлуудай көрүнгөн. Баалуу металлга суроо-талаптар өсүп жаткан мезгилде ондогон болбосо да бир нече кен казып алуучу ишканаларды ишке киргизүүгө, миңдеген жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, демек, бюджетти мындай ишканалардан ири которуулар менен толуктоого болот. Бирок, бизде артыкчылыктуу деп жарыяланган тоо-кен казып алуу тармагы иш жүзүндө эки аракеттеги ишканадан гана турат. Тармактагы кырдаал жөнүндө биз Тоо-кен компаниялар ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү, КРнын Президентинин кеңешчиси Валентин Николаевич Богдецкий менен сүйлөштүк.

– Валентин Николаевич, биз алтындын үстүндө жүрөбүз дешет, ошол эле учурда жардамга муктажбыз. Сиздин көз карашта бул таң калаарлык эмеспи?

– Биринчиден, бизде пайдалуу кен байлыктар көп, биздин жер казынабызда Менделеевдин таблицасы бүт бар деп айтуу чоң жаңылыштык. Албетте, алар бар, бирок тоо-кен тармагында химиялык элементтердин болушу эмес, а алардын иштетүү экономикалык жактан пайдалуу болгон, кендер деп аталган топтолушу маанилүү.

– Иштетүүгө жана казып алууга даяр алтын кендери бизде жетишерлик көппү?

– Бул кендер алда качан, совет мезгилинен бери эле белгилүү, бирок алар экономикалык көз караштан алганда рентабелдүү эмес болуп саналган. Алтынга баалардын көтөрүлүшү менен алар инвесторлор үчүн жагымдуу болуп калууда, бирок алтындын баасы куласа, биздин көптөгөн кендер өздөрүнүн экономикалык бирдик катарында жашоосун токтотушат.
Дүйнөлүк рыноктордогу баалар 15 жылдай мезгилде өөдө-төмөн болуп турат, башкача айтканда рыноктун баасынын ырааттуу жогорулашы, андан кийин кескин кулашы жүрөт. Азыр алтынга талап өсүп, а баалар туруктуу жогорулаган деңгээлде турабыз. Биз үчүн бул учурду колдон чыгарбоо маанилүү.

– Сиз тоо-кен казып алуу тармагындагы учурдагы абалды кандай баалайсыз?

– Тоо-кен казып алуу тармагы – бул Кыргызстандын экономикасынын алдынкы тармагы экени талашсыз, ал өзү менен кошо өлкөнүн бүтүндөй экономикасын тартып кетүүгө жөндөмдүү. Эгерде тармактын бөлүмдөрү боюнча карасак, анда акыркы мезгилде инвесторлордо алтын өндүрүү эң чоң кызыгуу жаратып жатат. Ошентсе да мисалы, сымапка баалар 12 эсеге, а алтынга – 5-6 эсеге өскөнүн белгилеп коюу зарыл. Бирок, сымап өндүрүүдө чектөөлөр бар, себеби ал курчап турган чөйрөнү глобалдуу булгоочу деп таанылган жана жакынкы мезгилде аны өндүрүүгө тыюу салынмакчы. Мына ошондуктан тармактагы негизги киреше алып келүүчү багыт болуп бүгүнкү күндө алтын өндүрүү саналат, бирок мында да биз көз карандысыздык жылдары бир гана ири долбоорду жүзөгө ашырдык.

– А эмне үчүн көз карандысыздык жылдарында Кумтөргө окшогон жүзөгө ашырылган башка долбоорлор жок?

– Кумтөр – бул Кыргызстандын масштабында гана эмес, ошондой эле эл аралык өлчөмдөр боюнча да ири алтын кени. Мына ошондуктан анын эң олуттуу долбоор болуп саналгандыгы мыйзамченемдүү. Ырас, бул баалуу металл өндүрүү жүрүп жаткан жалгыз кен эмес, мисалы «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы Макмалда, Чаткал районунда Терек-Сай комбинатында алтын өндүрүүдө, Солтон-Сары кенинде да иштер жүрүүдө. Жамгыр кенинде казып алуу башталды.

– Мага биз бир гана ийгиликтүү долбоорду жүзөгө ашыргандыгыбыз жөнүндө сиздин сөздөрүңүздө бир аз өкүнүч бардай сезилди, бирок Кумтөр жападан-жалгыз ири кен экен да. Дагы эмнени биз жүзөгө ашыра алмакпыз?

– Биз Кумтөргө окшогон бир нече долбоорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Мындай болгондо экономика олуттуу өнүгүү үчүн кубаттуу түрткү алмак. Мисалы, Талас районунда биригип келип Кумтөр сыяктуу эле көлөмдөрдү жана натыйжаларды бере ала турган кызыгуу жараткан бир катар кендер бар. Ушундай эле жагдай Чаткал районунда да.

– Акыркы мезгилде жергиликтүү калктын тоо-кен казып алуучу компаниялардын иштерди жүргүзүүсүнө мүмкүндүк бербеген учурлары көбөйүп кетти. Сиздин пикириңиз боюнча, компаниялар менен жергиликтүү калктын бири-бирин түшүнө албоосунун себептери эмнеде?

– Бул жергиликтүү калк менен туура өз ара мамилелерди орнотуу үчүн кылдат жана ырааттуу мамиле жасоону талап кылган татаал жана көп кырдуу маселе. Мында мамлекеттин, агартуучулуктун, жергиликтүү бийликтин, анан компаниялардын өздөрүнүн да биргелешип катышуусу керек. Эч качан муну улуттук менталитетке шылтабоо керек, анын салттарында бул жок.
Жергиликтүү калктын каршылык көрсөтүүсү Кыргызстан үчүн гана мүнөздүү эмес. Пайдалуу кен байлыктар казылып жаткан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жергиликтүү калк менен тирешүүлөр келип чыгат, бирок алар адатта мыйзамдардын алкактарында чечилет.
Албетте, биз мыйзамдык актылардын өркүндөтүлбөгөндүгүн моюнга алууга тийишпиз, аларда жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары эске алынбаган. Компаниялар да өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн баштапкы стадиясында бул компонентке тийиштүү көңүл бурушпаган. Эми биз баарыбыз проблеманы чечүү жолдорун издөөгө аргасызбыз.
Биз талаш кырдаалдар Таласта орун алгандай радикалдуу чаралар менен чечилишин колдоого албашыбыз жана жол бербешибиз керек.
Мындай кыйынчылыктар көптөрдө, анын ичинде Кумтөрдө да болгон, бирок алар өздөрүнүн ачыктыгын жана жергиликтүү жамаат менен диалогго даярдыгын көрсөтүү менен аларды чечүүгө жана өз ара түшүнүшүүнү табууга боло тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүштү.

– Кумтөр жөнүндө сөз кылып калгандан кийин айта кетсек, көптөгөн эксперттердин пикирлери боюнча, бул биздин өлкөдө жүзөгө ашырылган эң ийгиликтүү долбоор. Сиздин бул боюнча көз карашыңыз кандай?

– Албетте, ийгиликтүү долбоор, кирешелери ички дүң продуктынын 10%ын түзгөн долбоор ийгиликсиз болушу мүмкүн эмес.

– Бюджетке төлөмдөр анын жалгыз эле артыкчылыгы болбосо керек. Өлкө Кумтөр долбоорун жүзөгө ашыруудан дагы эмнелерди алды?


– Абдан туура. Биздин шарттарда бул дагы аз эмес маанилүү фактор. Башынан баштайлы.
Бүткүл ишкер дүйнө анда иштөөгө жана өнүгүүгө боло турган Кыргызстан сыяктуу өлкө бар экенин билди, бул инвестицияларды тартуу ишинде зор өбөлгө болгон жакшы мисал.
Компания персоналдын квалификациясын жогорулатуу, аны менен өз ишин эң сонун билишкен жана өлкө үчүн да, болочокто тармакты өнүктүрүү үчүн да чоң потенциал болуп саналган жогорку квалификациялуу кызматкерлердин бүтүндөй тобун түзүү менен өз кызматкерлери жөнүндө кам көрүүдө.
Кумтөр – техника жана технологиялар өңүтүндө да, экономика өңүтүндө да өтө заманбап ишкана. Атүгүл, компанияда өлкөнун башка эч жеринде жок болгон заманбап өндүрүштүк уюм бар. Өндүрүштөгү менеджмент так жолго салынган, баары кандайдыр-бир үзгүлтүктөрсүз, өз мөөнөтүндө аткарылат. Ал натыйжасыз башкарылган жана тескерисинче, мамлекеттик бюджеттен дотацияга муктаж болгон мамлекеттик ишканалардан айырмаланып иш жүзүндө саат сайын иштеп, өлкөнүн бюджетин толуктоодо.
Кумтөр компаниянын өзүндө, ошондой эле подряддык иштерди аткарышкан же кызматтарды жана товарларды беришкен көп сандаган фирмаларда иштешкен биздин жарандардын кирещелерин көбөйтүү менен жогорку акы төлөнүүчү иш орундарын түзүүдө.
Бул бизге Кумтөр – биздин өлкөдө жүзөгө ашырылган эң ийгиликтүү долбоор деп ишенимдүү билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү компаниянын артыкчылыктарынын толук эмес тизмеси.

– Баары сыдыргыга салынгандай. А катачылыктар жана жаңылыштыктар аларда болобу?

– Албетте, эч нерсе жасабаган адам гана жаңылышпайт эмеспи. Алар да өз убагында каталарга жол беришти, жогоруда биз жергиликтүү калк менен проблемалар жөнүндө эске салдык, бирок башкасы – алар бул катачылыктардан тыянактарды чыгарышып, диалогго ачык экендиги маанилүү жана бул алардын ишин ийгиликтүү кылат.

– Өз убагында кирешелерди адилетсиз бөлүштүрүлүшү боюнча көп дооматтар болгон. Сиз бул жөнүндө эмне айтасыз?

– Алар биз түзгөн келишимди бекем сактап иштешүүдө. Мүмкүн, бул дооматтар баштапкы этапта төлөмдөр азыркыга караганда аз болгондугуна байланыштуу болгондур, бирок бул биздин кемчилигибиз. Биринчи макулдашууну иштеп чыгууга менин да тиешем бар жана биз катачылык кетиргенибизди, атап айтканда кендин наркын биргелешкен ишканага салым катарында баалабаганыбызды моюнга алам. Биз Маркстын саясий экономиясы боюнча окуганбыз жана капиталист пайда үчүн энесин да сатып жиберет деп эсептегенбиз, а алар алгачкы жылдары пайда үчүн эмес, компанияны өнүктүрүүгө иштешти. Ошентип азыркыдай компанияны өстүрүп алышты, анда биздин үлүшүбүздүн болушунун өзү эле өлкөнүн экономикасынын перспективаларын кеңейтет. Мына ошондуктан биз аларга кандайдыр-бир дооматтарды коюуга акысызбыз, атүгүл бул туура эмес болмок деп ойлойм. Азыркы учурда келишимдин шарттары кайра каралган, алар эки тарап үчүн толук адилеттүү жана алгылыктуу деп эсептейм.

– Акыркы жылдары Кумтөр кенин улутташтыруу жөнүндө маселе улам көбүрөөк көтөрүлүүдө. Бул айрым депутаттар да, айрым президенттикке талапкерлер да тарабынан айтылууда. Сиздин бул маселеге мамилеңиз?

– Толук абсурд. Биз компанияны жөн эле улутташтыра албайбыз. Биз эл аралык укуктун нормаларын карманышыбыз жана КРнын Конституциясын сакташыбыз керек, ага ылайык биз улутташтырылуучу объектинин наркын компенсациялоого милдеттүүбүз. Рыноктун баалоолору боюнча компаниянын активдеринин азыркы наркы болжол менен 4-4,5 млрд. долларды, а биздин 33% үлүштү алып салганда, минимум 2,5 млрд. долларды түзсө, анда биз муну аларга төлөп берүүгө тийишпиз. Биз мындай каражаттарды кайдан табабыз? Мүмкүн мындай идеяларды көтөрүп жатышкандар аларды кайдан табууну билишеттир.

– А эгерде бизде мындай каражаттар болсо, анда улутташтыруу керек беле?

– Андай учурда да аны жасоого болбойт. Менин көз карашымда, тышкы карыздар боюнча төлөмдөр биздин мойнубузга оор жүк болбошу үчүн аларды жабуу же башка кендерди иштетүүнү баштоо туура болмок.
Экинчи жагынан, бүтүндөй инвестициялык жана ишкер дүйнө бизди түшүнмөк эмес. Жана биздин өлкөбүздөгү жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча бардык аракеттерибиз таш капмак.

– Эмне үчүн бул боюнча чуулдаңдар азыркыга чейин басылбай келет?

– Анын себептеринин бири калктын маалыматсыздыгында деп ойлойм. Себеби жөнөкөй адамдар гана эмес, айрым жогорку мартабалуу чиновниктер да иштин маңызын түшүнүшпөйт. Сиз уккандырсыз, биздин жер казынасындагы запастарыбыз 500 млрд. АКШ доллары, а айрым маалыматтар боюнча жада калса бир нече триллионго бааланат экен. Бирок бул чындыкка дал келбейт.
Тоо-кен илиминин майда-чүйдөсүнө кирбөө үчүн түшүнүктүү буудайды мисалга келтирейин. Мисалы, сиз үч тонна буудай түшүмүн алууну пландаштырып жана саткандан кирешени баалагыңыз келди дейли. Баалоо үчүн кандай бааны колдоносуз? Андан бышырууга боло турган нерсенин эмес, буудайдын баасын болсо керек. Буудайдын баасы башка, ундуку андан кымбатыраак, а бышырылган нерсеге андан да жогору болоору түшүнүктүү. Бирок биз бышырылган нерсени эмес, буудайды сатып жатпайсызбы. Биздин «билермандар» казылып алына элек алтындын запастарын алышып жана аны банк куймаларынын Лондондун рыногундагы баасына көбөйтүп жатышпайбы.
Пайдалуу кендерди казып алып жана кайра иштетүү керек, ал эбегейсиз финансы каражаттарын салууну талап кылат. Демек, жер казынасындагы биздин запастардын наркы ондогон эсе аз. Анын үстүнө, кайра иштетүүдө сөзсүз кезиге турган жоготуулар болот. Биржаларда сатылып жаткан таза продукциянын көлөмү олуттуу аз.
Азыр алардын таасиринен улам социалдык адилетсиздик сезими жаралган, а бул болсо жагымсыз кесепеттерге алып келген чоң сандар менен калкты чаташтырбоо үчүн туура жана анык маалыматты калкка жеткирүү өтө маанилүү.

P.S.

Белгилүү болгондой, акча тынчтыкты сүйөт, мына ошондуктан инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү – мезгилдин талабы, ал тез өтүп кетүүчү нерсе жана аны колдон чыгарып жиберүүгө биздин акыбыз жок. Алтынга баалардын өсүшү түбөлүк улана бербейт жана ар кайсы убакта төмөндөп башташы мүмкүн.
Популисттик билдирүүлөрдөн баш тартып жана өлкөдөгү экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн проблемаларды чечүү жолдорун издөөгө мезгил келди. Адамдардын акылындагы сергектик алтындан кымбат боло баштагандай.

Ислам Жолдошов,
«Деловой Собеседник» №17, 17 ноября 2011