Жарыяланган: 03 August 2026
“Кумтөр Голд Компанинин” курулуш тармагында эмгектенген бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бүгүн компаниянын куруучулары Кумтөр кен жайында, Балыкчы өткөөл базасында, Бишкек жана Токмок шаарларындагы өндүрүштүк объекттерде үзүрлүү эмгектенип келишет. Алардын күнүмдүк мээнети менен жаңы объекттер курулуп, инфратүзүм жаңыланып, компаниянын туруктуу иштешине бекем негиз түзүлүүдө.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз!