Жарыяланган: 13 March 2012
Ысык-Көл облусунун калкынын жашоо шартын жакшыртуу, социалдык жактан колдоо максатында «Кумтөр» компаниясы түшкөн кирешесинин 1 пайызын «Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү» фондусуна төгүп берээри баарыбызга маалым. Бул акчалар кандай, эмне максатта жумшалып атканын коомчулукка дагы бир жолу ачыктап, тактап коюу максатында Ысык-Көл областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Окенов Айтбек менен баарлаштык.
– «Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондусунун» каражаттары кандай документтерге негизделип бөлүштүрүлөт?
– Фонддун каражатын ыйгаруу шарттары Кыргыз өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы № 416тескемеси менен бекиген. Каражаттарды бөлүштүрүү «Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондусу жөнүндө» деген жобого ылайык жүргүзүлөт, ал эми чечимди фонддун байкоочу кеңеши кабыл алат. Фондго каражаттардын түшүүсү «Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары» – деп аталган келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Андагы шарттарга ылайык, түшкөн пайда өлчөмүнө карабастан, фонд эсебине дүң киреше көлөмүнүн 1 пайызы которулуп турат. Фондго 1998-жылдан 2008-жылга чейин 101,8 миллион сом түшсө, 2009 – 2011-жылдары ( үч эле жылдын ичинде) 928, 1 миллион сом түшкөн. Фонддун каражаттары төмөндөгүдөй схема менен бөлүштүрүлөт: Түшкөн кирешенин 50 пайызы түздөн-түз компания менен байланышкан Тоң, Жети-Өгүз райондоруна жана Балыкчы шаарына жумшалса, 50 пайызы облустун калган аймактарынын кем-карчына жумшалат.
Мындай макулдаштык Ысык-Көл облусу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Айтсак, 2009-жылы обладминистрациянын демилгеси менен жаңы мектептердин жана спорт комплекстеринин курулушу башталган. 2010-жылы 17 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. 6 социалдык, маданий объектилерде сапаттуу оңдоп -түзөө иштери бүткөрүлдү. 2011-жылы 7 обьект курулду. Алар Ананьева айылындагы 30 кишилик жатак бейтапкана, Боз-Булуң, Челпек айылында спорт залдар, жалпысынан 15 объектини оңдоп -түзөө иштери жүргүзүлүп бүттү. Алар мектеп бала бакча, бейтапканалар.
2010-жылдагы өлкөбүздөгү оор кырдаалда мамлекет казынасында кысталыш болуп турганда, бул фонддун облус тургундары үчүн бир топ түрткүнчүк болуп берди. Губернатор Мирбек Асанакуновдун жетекчилиги астында облустагы шаарлардын жана айылдардын тышкы көрүнүшү оңдолууда. Айылдыктар таза сууга жетти. Маданий мекемелерди, спорт аянтчаларды оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Заманбап окуу куралдары менен жабдылган мектептерде балдарын окутууга жетишти. Баардыгы борбор калааныкынан кем калышпайт. Дал ушундай баага жооп берет деп, Ак -Булак айылдык мектеби, Челпек айылдык спорт залын, Оргочор айылдык мектеби, Чоң- Жаргылчак мектебин айтсак болот.
– Сиз келгени фонд кызматында эмне өзгөрүүлөр болду?
– Мурунку жетекчиликти жамандагым келбейт, айтаарым алардын кетирген чекиликтерин кайталабайбыз. Жаманы эч долбоорсуз эле тендерлер өтүп, каражаттар таратыла берген. Тендерлер шашылыш эле, эсеп-кысабы жок өткөрүлчү. Учурда курулуштун сапатына көңүл бурулуп, пайдалануу жагына көзөмөл күчөтүлдү. Айкындык үчүн тендерлер Байкоочу кеңештин курамы жана жарандык уюмдун катышуусу менен өткөрүүнү болжолдоп турабыз. Көптөн бери курулушу бүтпөй чубалжып келе жаткан объектилер бүткөрүлдү. Мисалы Корумду жана Күрмөнтү айылдарындагы мектептерди айтсак болот.
2011-жылы 9 мектеп, 6 спортзал, 3 ФАП, 1 бала бакчанын, баш аягы 19 объектинин курулушу башталган.
– Албетте бул курулуш иштеринде сиздердин кызматкерлердин талыкпаган эмгеги керек эмеспи. Жамаатыңыз тууралуу айтып өтсөңүз?
– Учурда өз ишин мыкты билген, күжүрмөн жамаатыбыз калыптанып калды. Ар бир адис кесибин жакшы билет. Ал гана эмес ар кимисинин деңгээлин аныктаган сертификаттар бар. Быйыл капиталдык курулуш башкармалыгынын түптөлгөнүнө 40 жыл толот. Облустагы дээрлик баардык мектеп, бала бакча, бейтапкана, спорт комплекс, клубдар биздин кызматкерлер курган.
– Фонддун келечеги тууралуу да айтып өтсөңүз?
– Убакыт жаңы талаптарды коюууда. Учурда «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жөнүндөгү» жобого киргизе турган өзгөртүүлөр иштелип чыгып, даярдалууда. Өзгөртүүлөрдө фонддун каражатын облустун өнүгүүсүнө сарптоого багытталган. Тагыраак айтканда фонддун каражаты киреше алып келүүчү объектилерди курууга жумшалат. Жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ар бир райондо жок эле дегенде 1-2 ишкана ачууну пландап атабыз. Бирок, тилекке каршы өзгөртүлгөн жобонун бекитилиши эмнегедир узакка созулуп атат. Жаз келип, курулуш иштерин баштоого убакыт жакындаган сайын бул жобонун эртерээк бекилиши өтө маанилүү болуп турат. Кудай буйруп, бул жобо бекип, ойлогон пландарыбы ишке ашса Ысык-Көлдө аз убакытта көптөгөн ишканалар пайда болот.
Майрамкүл Шершенова
«Фабула» 2-март, 2012-жыл