Бишкекте ӨЭУлардын өкүлдөрүнүн туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү

Жарыяланган: 30 April 2013

Бишкекте ӨЭУлардын өкүлдөрүнүн туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү 30-апрелде Бишкекте «Кумтөр» компаниясынын демилгеси менен донор уюмдардын жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүнүн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул иш чаранын максаты – кайсы чөйрөлөрдө уюмдар өздөрүнүн аракеттерин бириктире ала турганын билүү үчүн өкмөттүк эмес сектор тарабынан Ысык-Көл областынын жана жалпы Кыргызстандын территориясында жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу.
Жолугушуунун алкактарында уюмдардын өкүлдөрү өз долбоорлорун тааныштырышты, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашышты жана андан ары биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Катышуучулар мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайлык өнүгүү боюнча, Трансперенси Интернэшнлдин, Герман эл аралык кызматташуу коомунун, Ага-Хан фондусунун, Борбордук Азия университетинин, Хельветастын, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын, “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясынын, «АВЕП» коомдук фондусунун, «Борбордук Азиядагы Евразиянын», Өнүктүрүү саясаты институтунун жана Camp Алатоонун өкүлдөрү чогулушту.

Предыдущая публикация«Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонду биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирет Следующая публикацияЖети-Өгүз жана Тоң райондорунун жамааттарынын продукциясы Кыргызстанда жана чет өлкөдө ийгиликтүү сатып өткөрүлүүдө
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.