ТУРАК-ЖАЙ ЛАГЕРИН ТЕЙЛӨӨ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 24 September 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 5-октябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында турак-жай лагерин тейлөө бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Мейманкана бизнеси, мейманкана сервиси же туризм тармагы боюнча атайын орто кесиптик же жогорку билим;
- Өнүккөн коммуникативдик көндүмдөр, адамдар менен иштей билуу;
- Компьютер менен иштөөнүн баштапкы көндүмдөрү (Word, Еxсеl, Интернет, электрондук почта);
- Жоопкерчилик, тактык, стресске туруктуулук жана жогорулатылган жүктөмдө иштөөгө даярдык;
- Компаниянын ички стандарттарын жана эсепке алуу тутумдарын үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө даярдык;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөө үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу.
Милдеттер:
- Кумтөр кенининдеги турак жай лагеринде КГКнын, подряддык уюмдардын кызматкерлерин жана келүүчүлөрдү кабыл алууну, каттоону жана чыгарууну ишке ашырат;
- Турак бөлмөлөрдү алдын ала ээлейт жана бөлүштүрөт, турак жай фондунун сарамжалдуу колдонулушун камсыз кылат;
- Жашоочуларды каттоо эсеби боюнча жана көзөмөлдөө боюнча электрондук маалымат базасын жүргүзөт;
- Жашоочулардын саны боюнча күнүмдүк отчетту, ошондой эле лагердин тургундарынын сандык курамы боюнча ай сайын отчетту даярдайт жана жөнөтөт;
- Жетекчинин тапшырмасы боюнча кызматтык документтерди жана каттарды даярдайт, кызматтык документтерди түзүп, архивдештирет;
- Бөлүмдүн жетекчилигине техникалык жана уюштуруучулук көмөк көрсөтөт;
- Жумуш маселелри боюнча түздөн-түз жетекчинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткарат;
- Ишкердик баарлашуу этикасын, КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактайт, каралган окуулардан өтөт;
- Аткарылган иштер, аныкталган кемчиликтер жөнүндө жетекчиге маалымдайт жана аларды жоюу боюнча сунуштарды киргизет;
- Өзүнүн кесиптик чеберчилигин дайыма өркүндөтүп турат.
Такшалманын шарттары:
- Эмгек акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 5-октябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.