ТОО-КЕН-ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТОО-КЕН-ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 05 March 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Тоо-кен-өндүрүш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Тоо-кен тармагында жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом;
  • Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
  • Натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү;
  • Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
  • Позитивдүү эмоционалдык маанай;
  • Жеке сапаттар: эмгекчилдик, тырышчаактык, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуулук;
  • Көндүмдөрдү үйрөнгөндөн кийин, отчетторду презентация түрүндө бере билүү.

Милдеттери:

  • Кендерди ачык жол менен иштетүүдө коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
  • Отчеттук системаларды жана иш кагаздарын башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүү;
  • Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
  • Диспетчердик кызматтын жана MineSense системасынын ишмердүүлүгүн изилдөө;
  • Түздөн-түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
  • Коопсуздук техникасы боюнча эрежелерди жана нормаларды, ошондой эле Компаниянын Жоболорунда (Саясаттарында) белгиленген эмгек тартибин такшалуунун бүткүл мезгили үчүн сактоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 18-марты, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.