Жарыяланган: 08 October 2026

Тоголок алтын кени 1978-жылы, дээрлик жарым кылым илгери ачылганы менен өндүрүштү баштоого эч ким батынган эмес. Муз мындан 3 жыл мурун козголуп, 2023-жылы кенди өздөштүрүүгө, жанаша жайгашкан келечектүү Жангарт аянтын чалгындоого “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” лицензия берилген.
3 жыл аралыгында көп иш жасалды. 2026-жылы жаз айында Тоголок кен жайында тоо-кен иштери башталса, күз айында Алтын ылгоочу фабриканын пайдубалына мезгил кутучасы салынды.
Буюрса жакынкы жылдары Тоголок алтын кенинин эң алгачкы алтын куймасы алынат. Бул эгемендүү Кыргызстан өз каражатына салган, кыргызстандык өзүбүздүн адистер курган биринчи тоо-кен өндүрүшү болуп калмакчы.