ТОГОЛОК АЛТЫН КЕНИНЕ БАРЧУ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ЖОЛ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

ТОГОЛОК АЛТЫН КЕНИНЕ БАРЧУ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ЖОЛ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

Жарыяланган: 18 January 2024

Тоголок алтын кени Кумтөр кенинен 200 чакырым алыстыкта, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Какшаал тоо кыркаларынын чыгыш катпалында, бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Кен советтик геологдор тарабынан өткөн кылымдын 80-жылдарында ачылган.

Тоголок алтын кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 2023-жылдын 8-августунда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан лицензия берилген. Дароо эле долбоордук документтер иштелип чыгып, 5 ай мурун «Кумтөр Голд Компанинин» адистери Тоголок кенин иштетүүгө киришкен.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте жараксыз абалдагы жолдорду калыбына келтирүү, айрым тилкелерде жаңы жол салуу милдети турган. Атайын оор техникалардын жардамы менен кыска убакыт ичинде кенге карай жол ачылып, учурда анын эң тар тилкелеринде кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Ошону менен бирге компаниянын адистери Тоголок кенине барчу жолдогу бардык эски көпүрөлөрдүн абалын текшерип чыкты. Тоголок алтын кенин иштетүү долбооруна тартылган адистер үчүн коопсуз иштөө шарттарын түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, жакынкы аралыкта учурдагы көпүрөлөрдү бекемдөө жана бир нече жаңы өтмөктөрдү куруу иштери улантылат.

Белгилей кетсек, жаңы кенге карай кетүүчү толук кандуу технологиялык жолдун курулушу – Тоголок кенин иштетүүдөгү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдөгү эң маанилүү этаптардын бири болуп саналат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Тоголок кениндеги алтындын кору 17 тоннага жакын экенин советтик геологдор аныкташкан. Учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты – запастар боюнча маалыматтарды тастыктоо жана алтынды казып алуунун үнөмдүү ыкмасын аныктоо болуп эсептелет.

Мындан тышкары, быйыл Жангарт аянтында да геологиялык чалгындоо иштери башталат.