ТОҢДУРУЛГАН ТООК ПРОДУКЦИЯСЫН (ТООК КАНАТТАРЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

ТОҢДУРУЛГАН ТООК ПРОДУКЦИЯСЫН (ТООК КАНАТТАРЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 24 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 1-июлу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») тоңдурулган тоок продукциясын (тоок канаттары) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Аталышы Саны
Сатып алынуучу товардын талаптарынын параметрлери: Тоок канаттары (Техникалык тапшырмага ылайык)

Тоңдурулган тоок эти -18°С температурада төмөнкү минималдуу талаптарга жооп бериши керек:

·       Жакшы кансыздандырылган; таза болушу керек;

·       Бөтөн нерселер болбошу керек (айнек, резина, темир);

·       Бөтөн жыттар болбошу керек;

·       Заң менен булганбаган болушу керек;

·       Көрүнгөн кан уюган жерлер болбошу керек;

·       Муздаткычта тоңдурулгандан улам пайда болгон күйүктөр болобшу керек, өттөн калган тактар болбшу керек.

Жыты — ушул түрдөгү канаттуунун жаңы этине мүнөздүү.

Булчун тканынын түсү – мала кызылдан кызгылтка чейин болушу керек.

Теринин түсү – мала сары, кызгылт өңдөнгөн же ансыз болушу керек.

Теринин алдындагы жана ички майдын түсү – мала сары же сары болушу керек.

Жүндөн тазалоо – толук таза алынган, түксүз болушу керек.

Териси таза, айрылбаган, тытылбаган, таксыз, көгөрүүсүз болушу керек.

Сөөк системасынын абалы – сыныктарсыз, деформациясыз.
Этти эриткенде бөлүнгөн нымдын массалык үлүшү 4%дан ашпашы керек.

14 000 кг
   

Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түздөн-түз дистрибьюторлордон гана каралат, мында өндүрүүчүлөрдөн тастыктоочу каттар же авторизациялык тастыктама берилиши шарт. Окшош товарларды жеткирүү боюнча тажрыйба 2 (эки) жылдан кем болбошу керек.

Расмий бланкта даярдалган коммерциялык сунуштар (КС) сунуш берилген күндөн тартып кеминде 4 жумага жарактуу болуп, төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Берилген датасы жана чыгыш номери;
  • Жеткирүү мөөнөттөрү жана эки Тарап үчүн пайдалуу төлөм шарттары, эгерде төлөм шарттары алдын ала төлөмдү каралса — банктык кепилдик берилиши зарыл;
  • Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүү шарты камтылышы керек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24/1;
  • Уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын колу жана мөөрү.

Коммерциялык сунуш менен бирге төмөнкү документтер тиркелиши керек:

  • Акыркы 2 (эки) жыл ичиндеги окшош жеткирүүлөрдүн тизмеси көрсөтүлгөн катышуучунун референс-парагы, ыйгарым укуктуу адамдын колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болушу керек;
  • Окшош жеткирүүлөр боюнча тажрыйбаны тастыктаган кеминде 2 (эки) келишимдин көчүрмөлөрү болушу керек;
  • Товардын сапатын тастыктаган тастыктама;
  • Уюштуруучу документтердин көчүрмөлөрү:

– Устав;

– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүк;

– Салыктык эсепке коюу тууралуу күбөлүк;

– Салык органдарынан карыз жок экендиги тууралуу маалымкат;

– Сурамжылоону толтуруу (№1 тиркеме);

– Жеткирип берүүчүнүн реквизиттери толтурулган Excel файлы (№2 тиркеме);

– Уюмдун атынан келишимдерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган документ (буйрук, ишеним кат ж.б.).

Бардык документтерди берүү форматы — PDF. 

Коммерциялык сунуштарды берүү тартиби:

Билдирүүнүн темасы «Тоңдурулган тоок продукциясын (тоок канаттары) жеткирүү боюнча коммерциялык сунуш» деп көрсөтүлүп, кат так ушул электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: chicken@kumtor.kg (башка даректерди көчүрмөгө кошпоо керек!!!).

Башка даректерди көчүрмөгө кошуу менен жөнөтүлгөн, ошондой эле Бишкек убактысы боюнча 2026-жылдын 1-июлу саат 10:00дөн кеч жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар каралбайт.

Кошумча тактоочу суроолор боюнча жазуу түрүндө төмөнкү электрондук почта аркылуу кайрылса болот e-mail: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg

 

Тиркеме:

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР