ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨНҮ СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ПЛАНДАШТЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 23 April 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.05.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу ЖОЖдын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык тейлөө башкармалыгынын техникалык тейлөөнү стратегиялык өнүктүрүү жана пландаштыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- «Инженер‑механик» багыты же ага тектеш багыттар боюнча жогорку техникалык билим;
- Техникалык тейлөө боюнча иштөөнүн негизги принциптерин, транспорттук каражаттардын түзүлүшүн жана иштөө принциптерин билүү;
- Өзүн өзү актоо наркын эсептөөнун (калькуляциясынын) жана рентабелдүүлүктүн негизги принциптерин билүү;
- Техникалык документация жана нормативдик материалдар менен иштөө көндүмдөрү;
- Компьютерде, Microsoft Word, Excel жана Power Point программаларында ишенимдүү иштөө. Башка тектеш программалык камсыздоолорду жана инструменттерди билүү артыкчылык болуп саналат;
- Тез үйрөнүү жана маалыматтын чоң көлөмү менен иштей алуу жөндөмү;
- Өндүрүштүк процесстерди техникалык тейлөө, пландаштыруу жана долбоорлорду башкаруу багыттарына кызыгуу;
- Ишкердик кат алышуунун жана документ жүгүртүүнүн негизги принциптерин базалык деңгээлде түшүнүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин иштөө деңгээлинде билүү, англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
Милдеттер:
- Отчетторду, таблицаларды, презентацияларды жана башка иш документтерин даярдоо жана тариздөө;
- Маалыматты чогултуу, системалаштыруу жана актуалдаштыруу;
- Реестрлерди, контролдук таблицаларды жана башка иш файлдарын жүргүзүү;
- Долбоорлорду коштоп жүрүүгө жардам берүү жана тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөө;
- Жыйналыштарга керектүү материалдарды даярдоо жана бөлүмдүн ишинин алкагында башка тапшырмаларды аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылдын 11-майында саат 16.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.