ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАГА ЫЛАЙЫК КОМПЬЮТЕРДИК ЖАБДУУЛАРДЫ, КӨЧҮРМӨ ЖАНА БАСМА ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ТЫШКЫ ВИДЕОБАЙКОО ЖАБДУУЛАРДЫ БЕРҮҮГӨ КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАНЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАГА ЫЛАЙЫК КОМПЬЮТЕРДИК ЖАБДУУЛАРДЫ, КӨЧҮРМӨ ЖАНА БАСМА ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ТЫШКЫ ВИДЕОБАЙКОО ЖАБДУУЛАРДЫ БЕРҮҮГӨ КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАНЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

Жарыяланган: 05 August 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 08.08.2025, 17:00го чейин.


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (Буйрутмачы) тийешелүү берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК компания үчүн компьютердик жабдууларды, көчүрмө жана басма жабдууларды  жана тышкы видеобайкоо жабдууларды берүү боюнча чектелбеген эки этаптуу конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лотторго конкурстук табыштамаларын берүүгө чакырат:

Лот №1: Компьютердик жабдуулар

  • Системдик блок – 2 даана;
  • Ноутбук – 1 даана;
  • USB-C адаптер (HDMI/DP) – 40 даана

Лот №2:  Көчүрмө жана басма жабдуулар

  • КФЖ HP Color LaserJet Enterprise 700 M775dn – 2 даана
  • КФЖ HP Color LaserJet Pro MFP M479fdn – 1 даана
  • КФЖ Canon I-SENSYS MF3010 – 2 даана

Лот №3: Тышкы видеобайкоо жабдуулар

  • Камера AXIS Q6075E PTZ – 3 даана

Сиздин сунуштар документтер, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге, коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек жана мөөр менен бекитилип, документтерди PDF форматында берилиши керек.

Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Конкурска катышууну каалагандардын баары Чакырууга №1, №2, №3-тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүүшү керек.

Катышуучулар өздөрүнүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25 мб ашпашы керек.

Биринчи документтердин топтомунун темасы «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [Компаниянын аталышы]» болушу керек; экинчи документтердин топтомунун темасы үчүн «Баа сунушу [Компаниянын аталышы]»  itzakup@kumtor.kg   деген дарекке жөнөтүлүшү керек.

Конкурстук табыштаманы берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:

  • №1 топтомо – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзсүз берилет);
  • №2 топтомо – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).

1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн)
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Товардын техникалык мүнөздөмөсү;
  • Шайкештик сертификаты;
  • Товардын келип чыгышы тууралуу сертификат;
  • Сыноо протоколу;
  • Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу маалымакаттардын түп нускаларынын сканерден алынган көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, ошол эле учурда ишмердиктин түрү сатып алуу предметине дал келиши керек);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Ишеним кат же документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган башка документ;
  • Кол койгон жактын паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
  • Акыркы 2024 жана 2025-жылдар үчүн (биринчи квартал) ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланс жана бардык тиркемелери менен (баланс, пайда жана чыгым жөнүндө отчет, өздүк капиталдын өзгөрүүсү жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) жана 2024-жылга Бирдиктүү салык декларациясынын сканирленген көчүрмөсү;
  • Катышуучунун сот иштерине катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл);
  • Конкурстук табыштамага кепилдик берүү жөнүндө декларация (Чакырууга №1-тиркемеси түрүндө);
  • Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы күрөшүү эскертме (Чакырууга №2-тиркеме түрүндө);
  • Банктын реквизиттери толтурулган жана штамп менен бекитилген сканерленген файл;
  • Жабдуучунун анкета формасы толтурулган жана штамп менен бекитилген сканерленген файл.

Резидент эместер үчүн (башка өлкөлөрдүн катышуучулары):

  • Товардын техникалык мүнөздөмөсү;
  • Шайкештик сертификаты;
  • Товардын келип чыгышы тууралуу сертификат;
  • Сыноо протоколу;
  • Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү;
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ;
  • Акыркы 2024 жана 2025-жылдар (биринчи квартал) үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен (бухгалтердик баланс, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү.
  • Конкурстук табыштамага кепилдик берүү жөнүндө декларация (Чакырууга №1 тиркемеси түрүндө);
  • Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы күрөшүү эскертме (Чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • Банктын реквизиттери толтурулган жана штамп менен бекитилген сканерленген файл;
  • Жабдуучунун анкета формасы толтурулган жана штамп менен бекитилген сканерленген файл.

1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка өткөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи этапка төмөнкүлөдү аткарбаган катышуучулар өткөрүлбөйт:

  • документтердин толук топтомосун бербеген;
  • сыр сөзсүз биринчи топтомо менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
  • буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
  • конкурстук табыштаманын өтүшүнө кепилдик берген кол коюлган декларация жок болгон учурда (Чакырууга №1-тиркеме түрүндө);
  • ак ниеттүүлүк жөнүндө декларацияга кол коюлган жана коррупцияга каршы күрөшүү эскертме болбогон учурда (Чакырууга №2-тиркеме түрүндө);
  • чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда;
  • буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитация өтпөгөн учурда.

1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзө алат.

  1. Экинчи этап – Конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга гана катышууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3-тиркемесиндеги формага так ылайык толтурулат.

  • Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №3-тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Баа/сапат/жеткирүү мөөнөттөрү катышы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурска табыштаманы берген Катышуучу жеңүүчү болуп саналат.

2.4. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.

Баалоо критерийлери:

  • Баа/сапат/жеткирүү мөөнөттөрү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.
  • Конкурстук табыштаманын жеңүүчүсү менен бир жылдык мөөнөткө жеткирүү келишими түзүлөт.

Сиздин конкурстук табыштаманын берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 8-августу, саат 17:00 чейин.

  • Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды, анын ичинде Келишимдин шарттарына Чакырууга №5-тиркемесине ылайык макул болот.
  • Ар бир тандоо Катышуучусу ар бир Лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Nurzhan.Zholdoshev@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу суроо-талап алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурстук жараяны жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө билдирет.

 

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

ТЗ HP Color LaserJet Pro MFP M479fdn

ТЗ адаптеров USB-C to HDMIDP

ТЗ КамераAXIS Q6075E PTZ

ТЗ на ноутбук

ТЗ на принтер Canon I-SENSYS MF3010

ТЗ на принтер HP Color LaserJet Enterprise 700 M775dn

ТЗ на системный блок I9-13900

ТЗ на системный блок I9-14900

Опросник для поставщиков

Банковские реквизиты

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №3

Приложение №4

Приложение №5