ТЕХНИКАЛЫК КОНТРОЛДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТЕХНИКАЛЫК КОНТРОЛДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 14 February 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Техникалык контролдоо бөлүмүнө (ТКБ) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Билим, квалификация: Түстүү металлургия же пайдалуу кен-байлыктарын байытуу тармагында;
  • Иш тажрыйбасы (тармак, кызмат, канча убакыт): Окшош профилдеги инженердик-техникалык кызматтарда адистик боюнча иш тажрыйбасы артыкчылык болот;
  • Билим жана көндүмдөр: Приоритеттерди коюу, командада иштөө, көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү, стресске чыдамдуулук жана бир эле учурда бир нече тапшырмаларды аткаруу жөндөмдүүлүгү;
  • Жеке сапаттар: Жоопкерчилик, тыкандык, тартиптүүлүк;
  • Кошумча көндүмдөр (тилдерди билүү, компьютердик программалар ж.б.): Программалык камсыздоону билүү (MS Office), тилдерди билүү артыкчылык болот.

Милдеттер:

  • Белгиленген стандарттарга ылайык технологиялык өлчөөлөрдү жана анализдерди, физикалык, химиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Эксперименталдык иштерди колдоо, өндүрүштүк сыноолорго, жаңы фабрикалык долбоорлорго катышуу;
  • Лабораториялык жабдуулардын, приборлордун жана жумуш орундарынын абалы эмгекти коргоо талаптарына жооп беришин камсыздоо жана орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү;
  • Белгиленген отчеттуулук формаларын даярдоого жана тапшырууга көмөктөшүү;
  • Контролдук өлчөөлөрдү, мониторингди, эсептөөлөрдү жана өндүрүш үчүн зарыл болгон башка иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кен ишканасы
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 28февралында 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.