ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ (ТКБ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 21 August 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 06.09.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө (ТКБ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- «Металлдар металлургиясы», «Пайдалуу кен байлыктарды байытуу», багыттары боюнча жогорку билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
- Окууга жана жаңы билимдерди, көндүмдөрдү өздөштүрүүгө даяр болуу;
- Демилгелүүлүк жана кесиптик өнүгүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук, жоопкерчилик жана тартиптүүлүк;
- Командада иштей билүү жана кесиптештер менен натыйжалуу иштешүү мүмкүнчүлүгү;
- Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Өнөр жай коопсуздугунун талаптары жана жумуштун коопсуз ыкмалары боюнча окуудан өтүү;
- “Кумтөр Голд Компани”ЖАК ченемдерин, саясаттарын жана жол-жоболорун сактоо;
- Ишкананын технологиялык процесстерин изилдөө;
- Технологиялык схемалардын, аппараттардын жана жабдуулардын схемаларын изилдөө;
- Изилдөө жана тажрыйба-аналитикалык иштерди аткарууга катышуу;
- Технологиялык лабораториянын ички процесстерин жана жол-жоболорун өздөштүрүү;
- Иштеп жаткан өндүрүш шарттарында иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалманын өтүү жери – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 6-сентябрь айында саат 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.