ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 09 October 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 22-октябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- «Металлургия», «Пайдалуу кен байлыктарды байытуу» багыттары боюнча жогорку билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу жана Microsoft Office программаларын билүү;
- Окууга жана жаңы билимдерди, көндүмдөрдү өздөштүрүүгө даяр болуу;
- Демилгелүүлүк жана кесиптик өнүгүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук, жоопкерчилик жана тартиптүүлүк;
- Командада иштей билүү жана кесиптештер менен натыйжалуу иштешүү мүмкүнчүлүгү;
- Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Өндүрүштүк коопсуздуктун талаптары жана иштерди коопсуз аткаруу ыкмалары боюнча окуудан өтүү;
- «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ченемдерин, саясаттарын жана жол-жоболорун сактоо;
- Ишкананын технологиялык процесстерин изилдөө;
- Технологиялык схемалардын, аппараттардын жана жабдуулардын схемаларын изилдөө;
- Изилдөө жана тажрыйба-аналитикалык иштерди аткарууга катышуу;
- Технологиялык лабораториянын ички процесстерин жана жол-жоболорун өздөштүрүү;
- Иштеп жаткан өндүрүш шарттарында иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалманын өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалманын графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылдын 22-октябрында саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.