Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Өнүгүү башкармалыгынын “Back End иштеп чыгуу” тобунун башчысы Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-004
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Иштеп чыгуу:
– МТ стратегияларына жана саясаттарына ылайык жаңы програмалоо технологияларды колдонуу менен МТ Ситемасынын ПК бэкенд бөлүктөрүн;
– МТ Системасынын Бэкенд иштеп чыгуусун өнүктүрүү стратегияларын;
– МТ Системасынын Бэкенд иштеп чыгуу компонеттерин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды;
– Бэкенд иштеп чыгуу боюнча стандарттарды жана эрежелерди;
- Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн Бэкенд программалык камсыздоо сервистерин өнүктүрүү максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
- Колдонмо программалык камсыздоосунун Бэкенд бөлүктөрү боюнча МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн текшерүү;
- Бэкенд бөлүктөрү боюнча өзгөрүүлөрдүн МТ Системасынын саясаттарына жана Компаниянын МТ өзгөрүүлөр процедураларына (сhange management) дал келүүсүн текшерүү;
- “Back End иштеп чыгуу” тобуна жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;
- Жалпы топтун ишин жетектөө жана “Back End иштеп чыгуу” тобуна жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартуу;
- Топтун иш планын аткаруу тууралуу отчетту үзгүлтүксүз тапшыруу;
- Компаниянын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо;
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– колдонмо программалык камсыздоосунда тест-скрипттерди долборлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес (“Back end иштеп чыгуу” жагында артыкчылыкка ээ).
– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;
– API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоодо;
– реляциондук СУБД менен, маалыматты транзакциондук иштеп чыгууну билүү;
– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– программалоо тилдеринин (C#, Delphi, Java, VB) биринде объектиге ылайык программалоо;
– маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттардын бирин колдонуу.
– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү жана көзөмөлдөө;
– SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;
– Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;
– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;
– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тилин билүү – кубатталат;
– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 26-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-004.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.