САЛЫК БОЮНЧА ЭСЕПЧИ

САЛЫК БОЮНЧА ЭСЕПЧИ

Жарыяланган: 29 April 2021

Жабык

КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ

САЛЫК БОЮНЧА ЭСЕПЧИ (Бишкек ш.)

бош жумуш ордуна сынак жарыялайт

Билдирүүнүн номуру: KGC-21-68

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

  • Салык эсебин өз убагында жана спасаттуу уюштуруу, КР Салык Кодексинин жана башка колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларына жана макулдашууларына ылайык салык отчетторун даярдоо;
  • Салык отчетторду даярдоо жана тышкы жана ички колдонуучуларга отчеттуулукту берүү;
  • Салык мыйзамындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтын Компания тарабынан өз убагында колдонулушун камсыздоо максатында консолидациялоо;
  • КРнын бюджетине салыктарды туура жана өз убагында жана туура эсептеп которуу;
  • КРнын бюджетине төлөнүүчүсалыктар боюнча прогноздорду даярдоо жана салык органдарына сунуштоо;
  • Бөлүмдүн компетенциясындагы суроолор боюнча бекитилген тартипке ылайык салык жана каржы органдары, ошондой эле мамлекеттик башка органдар жана уюмдар менен иш алып баруу;
  • Эсеп-фактураларды убагында эсептеп, кабыл алууга даярдап берүү, башка сатуулар боюнча карыздын төлөнүшүн контролдоо;
  • Тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге болжолдуу маалыматтарды өз убагында берүү;
  • Финансылык мезгилди жабуу тартибине ылайык, керектүү бухгалтердик жазууларды даярдоо;
  • Компаниянын жана аудиторлордун талаптарына ылайык зарыл болгон каржылык отчеттуулукту түзүү;
  • Мамлекеттик органдар жана мекемелердин өкүлдөрү менен атайын байланышты ишке ашыруу.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Тиешелүү тармак боюнча бакалавр же магистр даражасы;
  • Иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес;
  • Аналитикалык жогорку жөндөмдүүлүктөр, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, тактык;
  • Мыйзамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылары жөнүндө жалпы билим;
  • Көп тапшырма режиминде тез иштөө, мыкты командалык жана коммуникативдик жөндөмдөргө ээ болуу, тактык, эмгекчилдик, стресске туруштук берүү;
  • MS Office ти ишенимдүү колдонуучунун деңгээлинде билүү, Excel программасын билүү;
  • Англис тилин билүү, кыргыз тилин билүү артыкчылыктуу.

Анкета жана резюмени 2021-ж. 13 майына чейин HR_Kumtor@centerragold.com электрондук почта аркылуу.

Анкетаны бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KGC-21-68.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.