ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 20 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан Геологиялык чалгындоо бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Геология” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Геологиянын, минералогиянын жана петрографиянын негиздерин билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office, AutoCAD, MapInfo программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
  • Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн иши менен таанышуу;
  • Тоо выработкаларын документациялоо ыкмалары менен практика жүзүндө таанышуу;
  • Кен жайдын петрографиясы менен минералогиясын изилдөө;
  • Бөлүмдүн геологдоруна жардам берүү;

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 3 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияАЫФТЫН ЭЛЕКТРОТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ИШИН ПЛАНДАШТЫРУУ ИНЖЕНЕРИ Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.