ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан БУРГУЛОО-ЖАРДЫРУУ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Жардыруу иштери”, “Ачык тоо-кен иштери” же “Жер алдындагы кендерди иштетүү”  багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө жалпы коопсуздук талаптарын үйрөнүү;
  • Жардыруу ишиндеги жалпы түшүнүктөр, тоо тектеринин физикалык-механикалык касиеттеринин жана жардыруу сапатына бургулоо жана жардыруу иштеринин параметрлеринин таасири менен таанышуу;
  • Жарылуучу заттарды даярдоо процессин изилдөө;
  • Жардыруу скважиналарын долбоорлоо процесси менен таанышуу;
  • Ар кандай системалар менен таанышуу.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү практика
  • Мөөнөтү – 2 ай
  • Өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияАТКАРУУЧУ АДМИНИСТРАТОР Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.