Жарыяланган: 05 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-ноябры, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Лот 1 – Корпоративдик телефония тутумунун коштоо боюнча кызматтар – 1 бирдик.
Лот 2 – Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча кызматтар – 2 бирдик.
Лот 3 – Маалымат базаларынын администратору – 1 бирдик.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК төмөнкү лоттор боюнча сервис-контракт шарттарында кызмат көрсөтүү үчүн жеке жактарды тандоо боюнча катышууга чектөөсү жок эки пакеттүү конкурска катышууга чакырат: лоттордун тизмесине ылайык 4 бирдик.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн табыштаманы даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 17-ноябрында (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырмалар ушул конкурстук документтер топтомуна тиркелген. |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Коммерциялык сунуш» (1 айдын наркын көрсөтүү милдеттүү; файлга кирүү сырсөз менен корголушу керек (сырсөз Буйрутмачынын суроо-талабынан кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт). Документтерди жүктөө үчүн булут сактагычтарга шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булут сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Катышуучунун конкурстук табыштамасы эки документтик пакетке бөлүнүшү керек. Сунуштарды баалоо 2 этапта жүргүзүлөт: 1-этап – катышуучунун квалификациялык маалыматтарын баалоо; 2-этап – коммерциялык сунушту баалоо (1 айдын наркын көрсөтүү милдеттүү; файлга кирүү сырсөз менен корголушу керек, файлдын сырсөзү өзүнчө, Буйрутмачынын суроо-талабы боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт). Зарыл болгондо квалификациялык баалоодон өткөн катышуучулар менен маектешүү өткөрүлөт. |
| Катышуу табыштамасы төмөнкү документтерди камтышы керек: | 1) Катышууга кызыкдар экендигин ырастаган кат
Катышуучунун анкетасы 2) Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме 3) Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация 4) Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү; 5) Соттолбогондугу тууралуу маалымкат; 6) Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөнүн ырастаган күбөлүк – адамдын жеке ишкер катары катталганын ырастаган же жеке ишкер катары милдеттүү түрдө катталуу жөнүндө кепилдик кат. 7) Квалификацияны ырастаган сертификаттардын, дипломдордун көчүрмөлөрү. 8) Иш тажрыйбасы бар экенин ырастаган документтер, же эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болсо жана талап кылынганда): келишимдер (көчүрмөлөрү), көрсөтүлгөн кызматтардын актылары же кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, эсеп-фактуралар жана жүк кагаздары, контракттар реестринен көчүрмөлөр (мамлекеттик сатып алууларга катышкан болсо), иштердин аткарылышы жөнүндө отчеттор же корутундулар, каржылык отчеттор (иштердин көлөмүн ырастоо үчүн талап кылынса), башка буйрутмачылардын сунуштама каттары, жеке жактардын квалификациясын ырастаган документтер; 9) Келишим боюнча төлөмдү которуу үчүн банк реквизиттери (болсо); 10) техникалык тапшырмада каралган башка документтер. |
| Баалоо критерийлери: | Конкурстун жеңүүчүсү болуп сунушу конкурстук документациянын талаптарына жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун камтыган катышуучу таанылат. |
| Тема катары «Сервис-контракт» деп көрсөтүлгөн сунушту электрондук почтага [email protected] 2026-жылдын 17-ноябрында (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүү зарыл. | |
| Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. | |
| Тандоонун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүндө конкурстук сунуштарды өзгөртүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected] | |
| Конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) календарлык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүшү керек. | |