СЕРВИС-КОНТРАКТ ШАРТТАРЫНДА ЭЛЕКТРИК ЖАНА КОРОО ШЫПЫРУУЧУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

СЕРВИС-КОНТРАКТ ШАРТТАРЫНДА ЭЛЕКТРИК ЖАНА КОРОО ШЫПЫРУУЧУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 16 September 2026

ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 22-сентябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


КОНКУРСКА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

Сатып алуунун предмети: сервис-контракт шарттарында электрик жана короо шыпыруучу кызматтарын көрсөтүү.

Буйрутмачы — «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») — сизди төмөнкү кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурска катышууга чакырат:

  • ЛОТ 1 – электрик
  • ЛОТ 2 – короо шыпыруучу-багбан

Кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү — келишим түзүлгөн учурдан тартып техникалык тапшырманын талаптарына ылайык бир жылга чейин.

Конкурс конкурстук документтердин талаптарына жооп берген бардык потенциалдуу катышуучулар үчүн белгиленген бекитилген бюджеттин (баалардын) шарттарында квалификация боюнча тандоо ыкмасы менен өткөрүлөт. Бул кызматтарды көрсөтүү үчүн бюджет төмөнкүдөн ашпоого тийиш:

  • ЛОТ 1 — электрик — бардык колдонулуучу салыктарды эске алуу менен саатына 297 сом.

ЛОТ 2 — короо шыпыруучу-багбан — бардык колдонулуучу салыктарды эске алуу менен саатына 297 сом.

Квалификациялык документтерди берүү боюнча негизги талаптар:

  1. Документтер PDF форматында берилүүгө тийиш.
  2. Документтер электрондук почта аркылуу: admin[email protected] дарегине 2026-жылдын 22-сентябры саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүүгө тийиш.
  3. Бир каттын көлөмү 25 МБ ашпоого тийиш экенине көңүл буруңуз.

Сиздин конкурстук табыштамаңыз 30 календардык күн ичинде жарактуу болууга тийиш. Ушул чакыруу боюнча суроолор пайда болгон учурда катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрыла алат: [email protected], суроолор конкурстук табыштаманы берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 жумушчу күн калганга чейин берилиши керек. Кайрылган жеткирип берүүчүнүн суроолоруна түшүндүрмөлөр алынган электрондук почта дарегине, алынган учурдан тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Тапшырууга керек болгон зарыл документтер:

  • Катышууга кызыкдар экендигин ырастаган кат;
  • Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме;
  • Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация;
  • Катышуучунун анкетасы;
  • Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү;
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  • Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөнүн ырастаган күбөлүк же жеке ишкер катары милдеттүү түрдө катталуу жөнүндө кепилдик кат;
  • Электриктин жана/же короо шыпыруучу-багбандын квалификациясын ырастаган сертификаттардын, дипломдордун көчүрмөлөрү.
  • Кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы бар экенин ырастаган документтер же эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болсо жана талап кылынганда).
  • Келишим боюнча төлөмдү которуу үчүн банк реквизиттери (болсо);
  • Техникалык тапшырмада каралган башка документтер.

Катышуучулар документтерди бир пакетте жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине беришет:

  1. КГК кошумча ырастоочу документтерди талап кылуу же берилген маалыматты текшерүү укугун өзүнө калтырат. Так эмес маалыматтар аныкталган учурда табыштама четке кагылат.
Баалоо критерийлери: Конкурстун бардык талаптарына жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин камтыган сунуш тандоодон өткөн деп таанылат.
«Сервис-контракт» темасы көрсөтүлгөн сунушту admin2026@kumtor.kg электрондук почтасына 2026-жылдын 22-сентябры саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Буйрутмачы келишим ыйгарылганга чейин каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болууга тийиш.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күндү түзүүгө тийиш.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүүгө тийиш: Meerim.Toibaeva@kumtor.kg
Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР