СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА АР КАНДАЙ ЖУМУШЧУ ЖАНА КОРОО ТАЗАЛООЧУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА АР КАНДАЙ ЖУМУШЧУ ЖАНА КОРОО ТАЗАЛООЧУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 20 November 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 27-ноябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


Буйрутмачы — «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») — сизди төмөнкү кызматтарды көрсөтүү боюнча сынакка катышууга чакырат:

  • 1-ЛОТ — ар кандай жумушчу
  • 2-ЛОТ — короо тазалоочу-багбан

Кызмат көрсөтүү мөөнөтү — келишим түзүлгөн учурдан тартып бир жылга чейин, техникалык тапшырманын талаптарына ылайык.

Конкурс сынак документациясынын талаптарына жооп берген бардык потенциалдуу катышуучулар үчүн белгиленген туруктуу бюджет (баалар) шартында квалификация боюнча тандоо ыкмасы менен өткөрүлөт. Аталган кызматтарды көрсөтүүнүн бюджети төмөнкүдөн ашпайт:

  • 1-ЛОТ — ар кандай жумушчу — бардык колдонулуучу салыктарды эске алганда саатына 397 сом.
  • 2-ЛОТ — короо тазалоочу — бардык колдонулуучу салыктарды эске алганда саатына 397 сом.

Квалификациялык документтерди берүүгө карата негизги талаптар:

  1. Документтер PDF форматында берилиши керек.
  2. Документтер электрондук почта аркылуу: yardkeeper@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 27-ноябры, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек.
  3. Бир каттын көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш экенин эске алыңыз.

Сиздин конкурстук табыштамаңыз 30 календардык күн ичинде күчүндө болууга тийиш. Ушул чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрыла алат: [email protected], бирок конкурстук табыштаманы берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга  3 иш күнү калганга чейин кайрылуу керек. Түшүндүрмөлөр суроолор келип түшкөн электрондук почта дарегине, ал алынган учурдан тартып 3 иш күнүнөн кечикпестен жөнөтүлөт.

Тапшыруу үчүн зарыл документтер:

  • Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
  • Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме;
  • Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация;
  • Катышуучунун анкетасы;
  • Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү;
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  • Жеке ишкер катары каттоодон өткөнүн тастыктаган ЖИни мамлекеттик каттоо күбөлүгү же ЖИни милдеттүү каттоо жөнүндө кепилдик кат;
  • Ар кандай жумушчунун жана/же короо тазалоочу-багбандын квалификациясын тастыктаган сертификаттардын, дипломдордун көчүрмөлөрү;
  • Билими жөнүндө документ (жалпы орто билим) (болгон учурда жана суралганда);
  • Келишим боюнча төлөмдү которуу үчүн банктык реквизиттер (болгон учурда);
  • Техникалык тапшырмада каралган башка документтер.

Катышуучулар документтерди бир пакетте тапшырат, ал жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт.

КГК кошумча тастыктоочу документтерди суроого же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Ишенимсиз маалымат аныкталган учурда табыштама четке кагылат.

Баалоо критерийлери: Конкурстун бардык талаптарына жооп берген жана суралган документтердин толук топтомун камтыган сунуш тандоодон өткөн деп таанылат.
Каттын темасына «Сервис-келишим» деп жазып, сунушту yardkeeper@kumtor.kg электрондук почта дарегине 2026-жылдын 27-ноябры, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процедурасын жокко чыгарууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди көтөрбөйт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта түзүлүшү керек.
Тандоого катышуучулар көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттар менен макул экенин билдирет.

Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: Meerim.Toibaeva@kumtor.kg
Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 иш күнүнөн кечикпестен жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР