Жарыяланган: 06 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 13-ноябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди сэндвич-панелдерди жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоо сынагына катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы:
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында даярдалып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
Валюта
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Жеңүүчү болуп бардык позициялар боюнча сунуш берген (лот бөлүнбөйт), техникалык талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
Темасы «Запрос (R29438) сэндвич панелдер» деп көрсөтүлгөн сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 13-ноябрында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Заказчы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр менен бекитилиши керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Тандоо мөөнөтүнүн ичинде берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоо шарттарына түшүндүрмө алуу боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.