Жарыяланган: 21 September 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-сентябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди баа сунуштарын суроо ыкмасы менен өткөрүлүп жаткан Sandvik жер астындагы техникасы үчүн оригиналдуу запастык бөлүктөрдү жеткирүүчүнү тандоо сынагына катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш. (Баалар таблицасы кошумча түрдө .xlsx форматында да берилсин.) Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Тандоого катышуучулар катышуу үчүн арызды орус же англис тилинде талаптарга ылайык даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө, 2026-жылдын 28-сентябрь саат 16:00 гө чейин [email protected] электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүшү керек.
Башка электрондук почта дарегине келип түшкөн коммерциялык сунуштар каралбайт. Сатып алынуучу товарлардын тизмеси ушул конкурстук документацияга тиркелет. |
| Катышуу үчүн арыз төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен берилүүгө тийиш:
• Жеткирүү мөөнөттөрү; ∙ Жеткирүү шарттары; ∙ Төлөм шарттары; • Kоммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (мүмкүн болушунча эң узак мөөнөттү көрсөтүү өтүнүлөт). |
| Баалоо критерийлери: | Тандоонун жыйынтыгы боюнча эң төмөнкү бааны жана жеткирүүнүн оптималдуу мөөнөттөрүн сунуштаган коммерциялык сунуш жеңүүчү деп таанылат. |
| Сунуштун темасына: “Sandvikjum” жазылып 2026-жылдын 28-сентьярь саат 16:00 гө чейин [email protected] дарегине электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарууга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоого катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт. Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюлганга чейин келишимдин аткарылышын камсыздоо кепилдигин келишимдин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КГКнын эсептик эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен берүүгө милдеттүү. Же болбосо ушул эле өлчөмдө банктык кепилдик түрүндө берилиши мүмкүн. Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонууга тийиш. | |
| Алдын ала төлөм каралган учурда, жеңүүчү болуп табылган компания алдын ала төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө алдын ала төлөмдү кайтаруу боюнча банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонууга тийиш. Банктык кепилдиктерди авизолоштуруу менен байланышкан бардык чыгымдарды Жеткирүүчү өз эсебинен төлөнөт. |
|
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек: [email protected]
Конкурстук сунуштар/арыздар бул электрондук почта дарегине жөнөтүүгө болбойт!! |
|
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: