Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт Ресурстук долбоорлор боюнча геолог (Бишкек ш. кеңсе)

Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт Ресурстук долбоорлор боюнча геолог (Бишкек ш. кеңсе)

Жарыяланган: 21 June 2023

Билдтрүүнүн номери: KGC-23-094

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Белгиленген программадагы кен чыккан жерди ресурстук моделдөө, анын ичинде базадагы баштапкы маалыматтарды текшерүү;
  • Геологиялык документтерди өркүндөтүү боюнча сунуштар; 
  • Каркастык жана блок моделдерин түзүү; 
  • Статистикалык жана геостатисттик сынап көрүлгөн маалыматтарды талдоо
  • Курамын интерполяциялоо үчүн оптималдуу параметрлерди тандоо
  • Минералдык ресурстарды баалоонун ишенимдүүлүгүн текшерүү
  • Чалгындоо жана эксплуатациялоо маалыматтарын картага түшүрүү
  • Ресурстук геология маселелери боюнча тышкы консультанттар менен (ЗМК эксперттерин кошкондо) өз ара аракеттенүү

 МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Геология багытында жогорку билим;
  • Геология багытында иштөө тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес болуу керек;
  • Атайын геологиялык программалык продуктулар менен иштөө тажрыйбасы (Датамайн, Сурпак, Липфрог); 
  • Статистика жана геостатистика боюнча жалпы билим;
  • Илимий-техникалык отчетторду жазуу тажрыйбасы;
  • Англис тилин билүү деңгээли Intermediate төмөн эмес.

Анкетаны жана резюмени 2023-ж. 05-июль саат 16.00 чейин HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек. 

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-23-094 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.