КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ КЕЛИШИМИНИН НЕГИЗИНДЕ САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА АДИС (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)
Жарыяланган: 08 April 2025
ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 18-апрелине чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК кызмат көрсөтүү келишиминин негизинде сатып алуулар боюнча адис кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Сунуштарды жиберүү дареги: service2025@kumtor.kg
Кызмат орундун аталышы: Сатып алуулар боюнча адис (Бишкек ш. кеңсе)
МИЛДЕТТЕРИ:
- Ички регламентке ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү.
- Сатып алуулар боюнча методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу жана актуализациялоо.
- Тендердик документацияны жана коммерциялык суроо-талаптарды даярдоо.
- Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзүү жана талдоо, алардын ишенимдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн баалоо.
- Жаңы контрагенттерди издөө жана тартуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кызматташуу үчүн оптималдуу шарттарды иштеп чыгуу.
- Келишимдерди түзүү, аларды колдоо жана милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөө.
- Кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүн, алардын сапатын жана келишимдик милдеттенмелерди аткаруусун көзөмөлдөө.
- Сатып алуулар боюнча отчеттуулукту жана документтерди камсыз кылуу, ички документтерди башкаруунун талаптарын аткаруу.
- Келишимдердин жана финансылык эсептешүүлөрдүн шарттарын макулдашуу үчүн бухгалтерия, юридикалык бөлүмдөр жана башка бөлүмдөр менен өз ара иштешүү.
- Көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында төлөнүүчү маселелерди, финансылык талаш-тартыштарды аныктоо жана жөнгө салууну көзөмөлдөө.
- Компаниянын ички регламенттеринин жана сатып алуулар боюнча мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу.
- Сатып алуулар процессин оптималдаштыруунун механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
- Компаниянын сатып алуу ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча аналитикалык отчетторду жана сунуштарды даярдоо.
ТАЛАПТАР:
- MS Office программаларын билүү (атап айтканда, Excel), Outlook;
- Иштиктүү кат алышуу жөндөмдүүлүгү, грамоталуу жазуу жана оозеки сүйлөө;
- Рынокту талдоо жана жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо жөндөмдүүлүгү.
- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдер менен иштөө тажрыйбасы.
- Стресске туруктуулугу жана баарлашуу жөндөмү – көп көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү жөндөмдүүлүгү;
- орус тили – эркин сүйлөө;
- кыргыз – керектүү;
- англис тили – орточодон жогору (Upper Intermediate) же жогорку (Advanced) деңгээлде.
ШАРТТАРЫ:
- Бишкек ш. кеңсе, Ибраимова 24
- График: Толук жумуш күнү (5/2).
- Кызматтын баасы аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
Документти төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА