СЕРВИС КОНТРАКТТЫН НЕГИЗИНДЕ АЙМАКТЫ ТАЗАЛООЧУ ЖАНА ЖАШЫЛДАНДЫРУУЧУ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА (БИШКЕК Ш., ИБРАИМОВ КӨЧӨСҮ 24)
Жарыяланган: 29 July 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 6-августу саат 17:00 чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 24 дареги боюнча сервис контракттын негизинде Аймакты тазалоочу жана жашылдандыруучу кызматын көрсөтүү боюнча сынак жарыялайт.
Сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: gardener@kumtor.kg
Кызматтын аталышы: Аймакты тазалоочу жана жашылдандыруучу
МИЛДЕТТЕРИ:
- Дарактарга, бадалдарга, газондорго жана гүлзарларга кам көрүү;
- Зарылчылыкка жараша өсүмдүктөрдү кенеге жана козу карындарга каршы дарылоо;
- Топуракты иштетүү, өсүмдүктөрдү отургузуу жана көчүрүү, жер семирткичтерди колдонуу;
- Өсүмдүктөрдү кол менен же сугат системасы аркылуу сугаруу;
- Газонду жана бадалдарды кыркуу, дарактарды формалоо;
- Жыл мезгилине жараша бир жана көп жылдык өсүмдүктөрдү отургузуу;
- Өсүмдүктөрдү жер семирткичтер менен азыктандыруу, зыянкечтерге каршы күрөшүү;
- Түшкөн жалбырактарды жана кургак бутактарды жыйноо;
- Бадалдарды кыркуу жана дарактарды формалоо агротехникалык талаптарга жана эстетикалык нормаларга ылайык жүргүзүлөт;
- Жазында жана күзүндө жалбырактарды жана органикалык калдыктарды толук тазалоо;
- Жай мезгилинде жашыл аянттарды үзгүлтүксүз сугаруу;
- Тротуарларды, жолдорду, кире бериш жолдорду жана тегеректеги аймакты күн сайын тазалоо;
- Катуу жабууларды шыпыруу, жуу жана чөптөрдү жок кылуу;
- Урналарды жана таштанды челектерди тазалоо;
- Кыш мезгилинде кардан тазалоо жана музга каршы каражаттарды колдонуу.
ИШ АТКАРУУЧУГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:
- Ушул сыяктуу кызматта кеминде 1 жылдык тажрыйба;
- Багбанчылык жана агротехника боюнча негизги билимдер;
- Жоопкерчилик, тактык жана физикалык чыдамкайлык.
ШАРТТАР:
- Иш орду: Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 24;
- Иш графиги: толук жумуш күнү, жумасына 5 күн (5/2);
- Эмгек акы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат;
- Төлөм кызмат көрсөтүүлөр аяктагандан кийин, электрондук эсеп-фактура алынгандан соң 10 банктын иш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.
КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:
- Паспорт;
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- Патент же Жеке ишкер (ИП) күбөлүгү (эгер бар болсо);
- Банктын реквизиттери.
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
№1 ТИРКЕМЕ
Форма запроса коммерческого предложения (КП)