Бош кызмат орду жөнүндө жарыялоо Унаа жуугуч

Бош кызмат орду жөнүндө жарыялоо Унаа жуугуч

Жарыяланган: 18 July 2023

КЫЗМАТ ОРДУ: Унаа жуугуч

БӨЛҮМ:  Техникалык кызмат

ИШТЕГЕН ЖЕРИ: Балыкчы өткөөл базасы

ИШ ТАРТИБИ:   4/4

БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ:  KGC – 23–117

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Түздөн-түз жетекчисинен жууп-тазалоо жана оңдоо иштерин аткарууга буйрук кабыл алуу;
  • Автоунаанын жабдууларын жууш үчүн автоунааны алдын ала текшерүү; 
  • Стационардык жуугуч орнотмонун алдын ала текшерүүсүн жүргүзүү;
  • КГКнын жабдууларын, автоунаа каражаттарын БӨБтүн унаа жуучу жайда коопсуз жууп-тазалоо;
  • Тазалоочу курулмалардын жана ашыкча агынды суулардын резервуарынын толтурулушун көзөмөлдөө, суунун жана кирдин ашып кетишине жол бербөө;
  • Тазалоочу курулмаларды тазалоо;
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо;
  • Жабдууларды алдын ала текшерүү жана аткарылган иштер боюнча белгиленген отчетторду толтуруу;
  • Унаа жуугучтун колдонуусунда болгон жабдуулардын коопсуз жана кылдат иштешин камсыз кылуу, унаа жуучу жайдын аймагынын коопсуздугун текшерүү;
  • Кыш мезгилинде тайгак беттерди, муздарды жок кылуу үчүн тайгак беттерге инерттүү материалдарды себүүнү жүргүзүү, жуучу жайда суунун топтолушун өз убагында жоюу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Орто-техникалык билим;
  • Жуугуч жабдуулардын түзүлүшүн, иштөө принцибин жана техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү;
  • Жуугуч жабдуулардын негизги түрлөрүн жана принциптерин билүү;
  • Унаа жуугуч аракеттерин аткарууда коопсуз ыкмаларды билүү.

Анкета жана резюмени 2023-жыл 31-июлу саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек. 

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23–117.

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.