ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (КАРАКОЛДОГУ РЕГИОНАЛДЫК ОФИС) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 14 April 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 24.04.2026, 14:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Персоналды башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнө (Караколдогу регионалдык офис) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Жогорку билимдүү;
- Компьютер жана MS Office кеңсе программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
- Деталдарга көнүл буруу;
- Коммуникацияга жөндөмдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк жана көп тапшырма шартында иштей билүү;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Командада иштей билүү жана уюмдун ички эрежелерин жана регламенттерин сактоо.
Милдеттер:
- Каракол регионалдык офисинин адистерине кирүүчү жана чыгууучу ички каттарды кабыл алууга, иреттөөгө жана таратууга катышуу;
- Кызматкерлерди башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адистерине жана инструкторлоруна учурдагы тапшырмаларды аткарууда көмөк көрсөтүү;
- Кулактандыруу тактасындагы маалыматтарды жаңылоо, жайгаштыруу жана алардын актуалдуулугун көзөмөлдөө;
- Кызматкерлерге сертификаттарды даярдоодо, тариздөөдө жана тапшырууда көмөк көрсөтүү;
- Региондордо болгон стажерлорду тестирлөөдө көмөк көрсөтүү;
- Кофе-румда тартипти камсыз кылуу, угуучулар үчүн керектүү азыктардын бар-жогун көзөмөлдөө;
- Таратма жана окутуу материалдарын даярдоо;
- Жетекчинин жана бөлүм адистеринин ар кандай тапшырмаларын такшалма өтүү алкагынын чегинде аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Каракол регионалдык офиси, Каракол ш.
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 24-апрелинде саат 14:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.